Суу түтүгүнүн айынан чыккан чыр. Кыргыз-тажик чек арасында абал «тынч»

Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында кыргызстандык чек арачылар жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда 25-октябрда чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын жарандары саат 16:45 чамасында суу алып өтчү түтүктөрдү орнотуу иштерин жүргүзгө баштаган. Аталган иштер Кыргызстандын 50 метр аралыктагы аймагында жана тактала элек жерде жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын чек арачылары тажикстандыктардан такталбаган аймакта жумуштарды жүргүзбөөнү талап кылышкан. Бирок тажикстандыктар алардын талаптарын аткаруудан баш тартышып, кайым айтышуу орун алган.

«Кыргызстандын чек арачылары чыр-чатактын өрчүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында, эскертүү иретинде асманга ок атышкан», — деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы.

Натыйжада курулуш иштери токтотулган. Көп өтпөй Баткен жана Исфара районунун бийлик өкүлдөрү жана чек арачылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Чек арадагы абал, ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө, учурда абал тынч», — деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.

Ал эми Тажикстандын УКМКсы окуя Исфара шаарына караштуу Хожа-Аъло айылында болгонун кабарлады. Коңшу мамлекеттин атайын кызматынын маалыматына ылайык, айыл тургундары өзүнүн эски суу түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзө баштаганда 25-30 куралчан Кыргызстандык чек арачылар келип, иштерди токтотууну талап кылышкан.

Мындан сырткары Тажикстандын УКМКсы кыргызстандык чек арачылары тургундарга карата ок чыгарганын айтууда. Бирок Баткен облусунун администрациясы бул маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 970 километрди түзөт. Бүгүнкү күндө анын 504 километри гана такталып, ал эми калган такталбаган аймактарда эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда улам-улам жаңжал чыгып келет. Кээ бир учурда чырда тургундар ар кандай жаракат алышат, ошондой эле бир канча кыргыз чек арачылары көз жумган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Равшан жайдары, боорукер жигит эле...»