Маданият министрлиги өкмөттөн кинотеатрларды ачууну суранды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы ведомствонун башчысы Нуржигит Кадырбеков өкмөткө кат жазып, өлкө боюнча кинотеатрлардын ишин жандантууну суранганын кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, кинотеатрлардын иштебей турганына 8 айга чукулдап, бул чоң финансылык чыгымдарга алып келген. Анткен менен кинотеатрлар иштебей турса да алардын ээлери ижара, күзөт акыларын жана кызматкерлердин маяналарын жарым-жартылай төлөп берүүнү улантууда.

«Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери аталган кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерлерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнө элек, бул алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалына таасир этип жатат», — деп түшүндүрүшөт ведомстводон.

Ошондой эле министрлик кинотеатрлардын иши токтоп калгандыктан алардын кызматкерлери башка жумуш издөөгө мажбур болуп жатышканын, өз кезегинде бул жагдай тармактын адискөй кадрларын жоготуп алуусуна алып барат деп эсептейт.

«Ошондой эле, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон кинотасмаларды ижарага алуу жана кинотасмаларды сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер да бар», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Ведомствонун өзү Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча иш-аракеттер алгоритмин даярдаган.

Кинотеатрлар компьютердик клубдар менен кошо иштөөгө уруксат бериле элек бизнестин акыркы тармактары бойдон калууда.

Алардын ишине өлкөдө коронавирус жаңыдан жайыла баштаган учурда, тактап айтканда, 2020-жылдын мартында тыюу салынган. Анткен менен жаңы жуктуруу учурлары август айында басаңдап калса да кинотеатр жана компьютердик клубдардын ишине уруксат берилген эмес.

Алардын ээлери бир нече жолу калаа мэриясына ишти жандатууга уруксат алуу үчүн кайрылышкан, бирок андан жыйынтык чыккан эмес.

Республикалык штабдын билдирүүсүнө ылайык, 27-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 568 учур катталган. COVID-19 башталгандан бери жалпы 56 738 адам ооруга чалдыгып, 1 136 адам коронавирус илдетинен жана пневмониядан көз жумган.