Ош шаарында көп кабатуу үйлөрдүн биринде өрт чыкты, үч адам жабыркады

Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү №35 көп кабаттуу үйдө 27-октябрда түштөн кийин өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, төртүнчү кабаттагы батирлердин бири өрттөнгөн. Аталган ведомство жабыркагандар боюнча кошумча маалымат берилерин белгилеген.

Өрттү өчүрүүгө шаардык №13 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана Ош шаардык Куткаруу кызматы тартылган.

«Өрт саат 15:05те чектөөгө алынган. 15:34 өрт толугу менен өчүрүлгөн. 60 жашоочу эвакуацияланды», — деп жазылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров жабырлануучуларды Тез жардам кызматы ооруканага жеткиргенин билдирди.

«Үч адам жабыркаган, алар түтүнгө ууланган. Бирөө шаардык ооруканага жана экөө облустук ооруканага жеткирилген. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет», — деди Абсаттаров.

Ал эми ӨКМден каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок деп маалымдашты.

«Турмуш» басылмасы өрт 8-кабатка чейин өткөнүн кабарлап, бир тургунга медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн билдирди.