Парламент Сурабалдиеваны вице-премьер-министрлик кызматка жактырды

Парламент экс-депутат Элвира Сурабалдиеваны социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматка жактырды. Депутаттар анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Буга чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматты Аида Исмаилова аркалап келген. Исмаилова бул кызматтан 27-октябрда отставкага кеткен.

Сурабалдиева бул кызматты ага президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров сунуштаганын билдирди. Ал «жеке амбицияларын жыйыштырып», мамлекет үчүн иштеп берүүгө макул болгон. Мурдараак Сурабалдиева Жапаровду бийликке легитимсиз жол менен келгендиги үчүн сындап, анын тарапташтарын коркутуп жатышат деп айыптаган.

Сурабалдиеванын айтымында, ал кырдаал оор болуп атканда ишке киришүүдө, себеп дегенде өлкө бюджетинде дефицит бар, пенсия жана бюджеттик мекемелерге маяна төлөп берүү боюнча милдеттенмелерди камсыздап берүү керек.

«Пандемия күчөп турган убакыт, ниетим мурдагыдай эле, эл үчүн, мамлекет үчүн, кыргызстандыктар үчүн болгон мүмкүнчүлүгүмдү, аракетимди ишке жумшап, мамлекетке жардам берем», — деди Сурабалдиева.

Күн мурда Сурабалдиева депутаттык мандатын тапшырган. Ал парламентке 2015-жылы КСДП партиясынан депутат болуп келген.

КСДП партиясы экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ортосунда чыккан жаңжалдан кийин ыдырап кеткен.

Натыйжада КСДПнын депутаттары 2020-жылдагы парламенттик шайлоого башка партиялардын курамында барууну чечип, анын ичинде Сурабалдиева да оппозициячыл «Ата Мекен» партиясы менен шайлоого барган.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, «Ата Мекен» парламентке өткөн эмес, себеби 7 пайыздык босогодон өтө албай калган. Жогорку Кеңешке бийликчил үч партия өтүп аткан — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары. Ошондой эле 7 пайыздык босогодон «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да өткөн.

Ал эми 5-октябрда жарандар митингге чыгып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушкан. Бул Жогорку Кеңештин имаратын басып алуу жана бүгүнкү күнгө чейин уланып аткан саясий кризис менен аяктаган.