Вице-премьерликке Сурабалдиева, соцөнүгүү министрине Исмаилова сунушталды

Элвира Сурабалдиева / Аида Исмаилова

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Эмгек, социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда ээлеген кызматтарынан бошотулду. Алар кызматтан кетүү тууралуу өздөрү жазган арыздардын негизинде бошотулганы айтылууда.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет экс-депутат Элвира Сурабалдиеваны вице-премьер-министрликке жактырганы кабарланууда. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы Элвира Сурабалдиеваны берген арызына ылайык 27-октябрда мандатынан ажыраткан. Сурабалдиева Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДП менен келген. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого ал «Ата Мекен» партиясы менен аттанган.

Кочкоров менен Исмаилова парламенттик шайлоого катышуу үчүн буга чейин кызматтык милдеттерин убактылуу токтоткон болчу. Кочкоров «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын тизмесинде экинчи, ал эми Исмаилова 36-орунда болгон.

«Биримдик» партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 24%га чукул добуш алып, Жогорку Кеңеште 40тан ашуун мандатка ээ болушу мүмкүн эле. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтары 5-октябрда Бишкекте уюштурган митинги, андан соң массалык толкундоолор себеп болгон.

Митингчилер «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары административдик ресурс колдонуу жана добуш сатып алуу жолдору менен Жогорку Кеңешке өткөнүнө нааразы болушкан.

Натыйжада өкмөт жана президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетишип, анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп Садыр Жапаров келген. Мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүнөн Жапаровдун командасына болгону Исмаилова жана Кочкоров кирген болчу.