ЖАМК: Алмазбек Атамбаев ТИЗО-1ден №47 колонияга которулат

Алмазбек Атамбаев

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №1 тергөө изоляторунан Бишкектеги №47 колонияга которула турганын билдирди.

Биринчи май райондук соту 26-октябрда Атамбаевди УКМКнын тергөө изоляторунан ТИЗО-1ге которууну чечкен. Мурдагы президент ал жактагы кармоо шарттарына байланыштуу ачкачылык жарыялаган.

Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Атамбаевди мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөгө отургузушканын билдирген. Анын айтымында, ал жерде жылуулук жок жана канализация иштебейт.

Мурдагы президенттин башка адвокаты Сергей Слесарёв билдиргендей, ага медициналык жардам көрсөтүлүшү үчүн жактоочулар аны №47 колонияга которууну өтүнүшкөн, «бирок аны эмнегедир ТИЗО-1ге которушкан».

ЖАМК бул маалыматтарды четке кагып, Атамбаев ачкачылык жарыялаганы тууралуу мекеменин жетекчилигине билдирүү түшпөгөнүн кабарлашкан.

«ТИЗО-1 борбордук жылуулук системасына жана канализацияга уланган жана камералардын эшиктери жабык. Тергөө изоляторунда видеобайкоо орнотулган», — деп билдиришкен ЖАМКтан.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери мурдагы президенттен кабар алышкан. Атамбаев мекеменин кызматкерлерине ачкачылыгынын себебин «Батукаевди бошотуу боюнча соттук иш жабык түрдө өтүп жатканын» айткан.

Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге карата мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Кой-Таштагы окуя боюнча иш эмдигиче тергелүүдө. Бул иш боюнча мурдагы президент бийликти басып алууга айыпталууда.

Мурдагы президент 2019-жылдын августунда Кой-Таш резиденциясынан кармалган. Атамбаевдин тарапташтары күч органдарына каршылык көрсөтүшүп, анын натыйжасында жүздөй адам жарадар болуп, бир спецназ кызматкери каза тапкан.

Бул окуядан соң Атамбаевге Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык», «Ээнбаштык», «Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча иш козголгон.