Бишкек ЖЭБинин директору: Коргоочу система иштебегенде казан мештер жарылып кетмек

Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев учурда ЖЭБ 75 пайыз калыбына келгенин журналисттерге билдирди. Андыктан жылуулук менен ысык сууну берүүдө көйгөй болбойт деп ишендирди.

29-октябрда түштөн кийин Бишкек ЖЭБинин имаратынын чатырынан чоң көлөмдөгү буу чыкканын күбөлөр видеого тартып алышкан. Андан кийин эле калаанын бир катар аймактарында электр энергиясы өчкөнүн тургундар соцтармактарга жаза башташкан.

Воропаев жылуулук мурда 60 градус ысык болуп берилип жатса, анын деңгээли 10 градуска түшүшү мүмкүн деп божомолдоду. Ал ошондой эле, ашыкчу буу сыртка чыгарылбаганда казан мештер жарылып кетмектигин кошумчалады.

«Коргоо системасы иштеди. Бул система жабыдуулардын жабыркабашынын алдын алат. Эгерде ашыкча буу сыртка чыгарылбаганда казан мештер жарылып кетмек», — деди ал.

Ал ортодо «Электр станциялары» мекемеси ЖЭБде кандайдыр бир жарылуу, өрт же авария болбогонун билдирди. Маалыматка ылайык, болгону жабдууларды коргоочу система иштеген.

«Көмөкчордонунан кубат алган кабелдердин бири тийишип калган. Анын айынан Бишкек ЖЭБиндеги 4 автоматташтырылган трансформатор өчүп, жабдууларды коргоо системасы иштеген. Ошондой эле, казан мештер менен турбогенераторлор автоматтук түрдө өчүп калган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми күбөлөр видеого тартып алган имараттын үстүндөгү бууну болсо жабдуулардагы ашыкча буу сыртка чыгарылганы менен түшүндүрдү. Ошондой эле, учурда электр энергияны иштеп чыгуу, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилгени кабарланды.

Анткен менен мурдагы мэр Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова өз булактарына таянуу менен ЖЭБдин 1чи жана 2-агрегаттары иштен чыкканын соцтармакка жазды.

«Эми аларга бул маалыматты чыгарбагыла деп жатыптыр. Эгер кечке чейин оңдолбосо муздаган батареялар боюнча элге кантип түшүндүрүп беришет?» — деп суроо салды ал.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ЖЭБде олуттуу эч нерсе болбогонун айтып, калаа тургундарын кырдаал бир сааттын ичинде жөнгө салынат деп ишендирди.