Бишкектин бир бөлүгү электр жарыксыз калды. Эмне болуп жатат?

Материал жаңыртылып турат.

Улуттук энергохолдингден Бишкек ЖЭБинде авария болбогонун, ЖЭБдин үстүндөгү ак түрмөктөр буу экенин билдиришти.

Холдингдин билдирүүсүнө караганда, ЖЭБдин жабдууларынын авариялык коргонуусунан улам буу  чыккан. Бул жогорку вольттогу тармактардагы системалык авариядан улам болгон.

«Жогорку вольттогу тармактарда системдик авариянын келип чыгуусунун себептери такталууда», — деп кошумчалашты холдингден.

Бишкекте эмне болду?

29-октябрда Бишкектин борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө электр энергиясы өчтү. Бул тууралуу шаардын тургундары соцтармактарда кабарлашкан.

Кийин электр жарыгын берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген, бирок шаардын айрым бөлүктөрүндө жарык кайрадан өчүүдө. Жарык менен катар шаардыктар жылуулук жана суу дагы өчкөндүгүн билдиришүүдө.

«Түндүк электр» буга жогорку вольттогу көмөкчү чордондогу басым жок болуп кеткени себеп болгонун маалымдады.

«Азыр Бишкектин жарымы башка линияга туташтырылды. Шаардын чыгыш жагына жакынкы убакыттарда жарык берилет. Шаарды электр жарыгы менен камсыздоо жана бузулган бөлүктү аныктоо иштери жүрүүдө», —деп билдиришти компаниядан.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева электр жарыгы эмне себептен өчкөнү такталып жатканын билдирди.

Бишкекте электр энергиясынын өчүшү күз айларынын алгачкы суугуна туш келди. 2018-жылдын январында борбордо ушул сыяктуу көрүнүш болуп өткөн — кыштын ызгаар суугунда ЖЭБдин шаймандары иштен чыккан болчу.

ЖЭБди модернизациялоого 386 миллион доллар сарпталган. Электр жылуулук борборундагы авариядан кийин бийлик авария жаңыланган бөлүктө эмес, эски блокто болгонун айткан.