Күйөө баласынын токмогуна кабылган аял ооруканада көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарынын 48 жаштагы тургуну 27-октябрда каза тапты. Ал бир апта мурда күйөө баласы тарабынан ур-токмокко алынып, оор абалда ооруканага жеткирилген болчу.

22-октябрда Оштун 32 жаштагы тургуну жубайын өлтүрүүгө шектелип Бишкектен кармалган. Ал кош бойлуу жубайы менен кайненесин  эки күн мурда ур-токмокко алып, өзү борбор калаага качып кеткени кабарланган. Аялы окуя болгон күнү каза тапкан.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган болчу. Эми бул кылмышка кайненесинин өлүмү да кошулат. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Быйыл жыл бышынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65%га көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жети аял каза болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндөгү кодексте каралган беренелер менен катталган.

*Коргоо ордери — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндө мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт:

ТЕМА БОЮНЧА: «Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?