Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүрдү делген 32 жаштагы тургун Бишкектен кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБи

Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну 22-октябрда жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Шектүү Ош ШИИБдин криминалдык милициясы тарабынан Бишкек шаарынан колго түшкөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, болжол менен мындан эки күн мурун шектүү кош бойлуу жубайы менен кайненесин ур-токмокко алып, өзү борбор калаага качып кеткен.

«Окуя Ошто болгондуктан, кармалган шектүү Ошко алып келингенден кийин суракка алынат. Алдын ала берген көрсөтмөлөрү боюнча ал аялын кызганычтан сабаган. 29 жаштагы жубайы ур-токмоктун айынан каза болду, ал эми кайненеси ооруканада жатат. Жабырлануучулардын коңшуларынын айтымында, жубайынын жети айлык боюнда болгон», — деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Быйыл жыл бышынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65%га көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жети аял каза болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндөгү кодексте каралган беренелер менен катталган.

*Коргоо ордери — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндө мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ

ТЕМА БОЮНЧА: «Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?