Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматынын мурдагы кызматкерлери 29-октябрда маалымат жыйын курушту. Жыйында алар өрт өчүрүүчүлөрдүн көйгөйлөрүн ачыктап, бийликтен кызматты министрликтин курамынан чыгарууну талап кылышты.
ӨКМдин курамынан чыгаруу
Ош облустук жана Ош шаардык өрткө каршы кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Базарбай Борбуевдин айтымында, куткаруучулар эң жөнөкөй атайын форма жана шаймандар менен камсыз болбой жатат.
«Мен өзүм 2020-жылдын сентябрында иштен чыктым. 12 жыл өрт өчүрүүчү жана куткаруучу болуп иштедим. Акырында мен 5-6 жыл бир өтүктү кийип жүрүп, жыртып, ошол өтүктү жыртыгы бойдон үйүмө алып барып койдум. Себеби бизди жетиштүү камсыз кылбады да. Өрт өчүргөнгө өтүктөр керек, күнүмдүк кийип жүргөн формалар керек. Мына ошолорду берген жок», — дейт Борбуев.
Мындан сырткары, ал өрт өчүрүү кызматы ӨКМдин курамынан бөлүнүп чыгып, өзүнчө агенттик болсо мындай маселелер чечилмек деген пикирин билдирди. Анын айтымында, ӨКМде 7000 кызматкер бар, анын басымдуу бөлүгүн өрткө каршы кызматынын кызматкерлери түзөт — 4500.
«Биз ошондо өзүбүзгө керектүү техникаларды, өзүбүзгө керектүү өрт өчүрүүчү шаймандарды жана өрт өчүрүүчү көбүктөрдү алуу маселелерин өзүбүз чечип калат элек. Биздин өзүбүздүн чөнтөгөбүздө акча болот эле. Ошол акчаны биз керектүү, ыңгайлуу жагына тез иштетишке биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз болот эле. Ал эми, ӨКМдин курамында турганыбызда, ошол акча биздин чөнтөктө эмес, ошолордун чөнтөгүндө калып жатпайбы», — деди Борбуев.
Бааланбаган эмгек, кыйылган өмүрлөр
20 жыл өрткө каршы кызматында эмгектенген Касым Акимов да өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгеги бааланбай келгенине нааразычылыгын билдирди.
«Канчалаган азаматтарыбыз майып болуп, алтургай каза болуп калган учурлар болгон. Бирок ошолорго карабай ӨКМдин аты аталып, биз калып кетип жатабыз.
Мурдагы жылы ноокаттык Кулуев деген кесиптешибиз каза болуп калды. Өрт чыккан үйдүн ичинде төрт адам калып кеткен экен, ал үйгө үч жолу кирип, үч адамды куткарып чыгып, акыры бир адам калганда кычкылтек балонунда кычкылтек калбай калып, түтүнгө ууланып төртүнчү адам менен кошо өзү да каза болду. Азыркы учурда кызматкерлерде кычкылтек эмес, жада калса каска да жок», — деп кейиди Акимов.
Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү №35 көп кабаттуу үйдөн 27-октябрда өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тилсиз жоонун чыгышына төртүнчү кабаттагы батирлердин биринде жаш балдардын күкүрт менен ойногону себеп болгонун маалымадашкан. Тилсиз жоодон эки адам түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген, 60 жашоочу эвакуацияланган.
«Алай көчөсүндөгү өрткө журналисттер күбө болдуңар. Өрт өчүргөн балдар акыры кычкылтек жетпей калганда ооздоруна кездемелерди суулап каптап алып кирип-чыгып жүрүштү. 60 адамды куткаруу оңой иш эмес. Биздин эмгегибиз чындыгында баатырларча, бирок баатырларча бааланбай калып жатат. Ал эмгектин ээлери болуп ӨКМдин кызматкерлери эсептелип калгандыгы бизди капалантат», — деди Акимовдун сөзүн улай Борбуев.
Батирде жашаган куткаруучулар
Ош облустук жана Ош шаардык өрткө каршы кызматынын ардагерлер кеңешинин мүчөсү Эмилбек Эргешов маалымат жыйындын негизги максаты өрт өчүрүү кызматынын ишин жакшыртуу үчүн учурдагы көйгөйлөрдү ЖМК аркылуу бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү деп билдирди.
Ошондой эле, Эргешовдун айтымында, өрткө каршы кызматында эмгектенгендер ӨКМдин курамына киргенден бери көз жаздымда калып, көңүл бурулбай калып жатат.
«Кадр маселесин жогорку деңгээлге чыгарып, ошондой эле, социалдык жардамдар болобу же башка болобу, өрт өчүрүү кызматын эске алгыла деген талап коюп атабыз. Өрт өчүрүү кызматында 30 жыл иштеген адам батирде жашайт дагы, ӨКМдин капитандары, майорлору министрлик берген үйдө жашап атат. Бул да адилетсиз», — дейт Эргешов.
Мындан сырткары Эргешов маалымат жыйынга учурда ӨКМдин өрт өчүрүү кызматында буга чейин иштеп кеткен ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү келгендигин белгиледи. Анын айтымында, учурда эмгектенген кызматкерлер көйгөйлөрүн ишсиз калуу коркунучунан улам ачык айта алышпайт.
Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы телефон чалууларыбызга жооп бербегендиктен, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.