«Кеч келдиңер». Кара-Сууда тез жардам унаасы талкаланды

Ош облусунун Кара-Суу районунун 56 жаштагы тургуну 29-октябрда 18:30 чамасында энесинин кан басымы көтөрүлүп, тез жардам кызматын чакырган. Аталган кызмат барып, фельдшер бейтапты карап жаткан учурда уулу тез жардам унаасынын айдоочусу менен чырдашып, машинанын терезелерин талкалап салган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, тез жардам кызматын чакырган Бирлешкен айылынын тургуну мас абалында болгон. Ал «кеч келдиңер» деп айдоочуну «сөгүп» жаңжалдашып кеткен. Аширбаев тез жардам унаасы Ош шаарынан чакырылыган дарекке 11 мүнөттө баргандыгын белгиледи.

Окуя «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, 56 жаштагы тургун Ош ОИИБиде сурак берип жатат.

Ош шаардык тез жардам станциясынын башкы дарыгери Нуриля Шериева билдиргендей, калаада 14 тез жардам унаасы бар. Аны 50 бригада тейлейт. Бул 2020-жылдын май айына алынган статистика. Башкы дарыгерди эсепке албаганда дагы 35 тез жардам дарыгери керек.