Жапаровдун тапшырмасы менен чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү

Сүрөт: Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы

Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары 29-октябрдан тартып чек ара аймактарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Бул тууралуу чек ара кызматынан маалымдашты.

Ошондой эле, ведомство билдиргендей, мындай тапшырманы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров берген.

«Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен маалымат алмашуу маселелерин жакшыртуу аракетин жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт», — деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Аталган ведомствонун басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» мындай тартипке өтүүнүн себебин так түшүндүргөн жок. Муну аскердик мекеме болушканы менен байланыштырды.

Ошондой эле, Бөрүбаева учурда чек арада абал тынч жана кырдаал туруктуу деп белгиледи.

25-октябрда Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында кыргызстандык чек арачылар жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Чырга такталбаган аймакта тажикстандыктардын суу алып өтчү түтүктөрүн орното баштаганынан улам келип чыккандыгы маалымдалган.

Жаңжал өрчүп кетпөөсүн алдын алуу максатында Кыргызстандын чек ара кызматкерлери асманга ок атууга мажбур болушкан. Натыйжада курулуш иштери токтотулган. Көп өтпөй Баткен жана Исфара районунун бийлик өкүлдөрү жана чек арачылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Садыр Жапаров 26-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алып, чек арадагы маселелерди талкуулаган. Мында сырткары ал чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерин сүйлөшүү аркылуу чечүү маанилүү экенин белгилеген.