Арстан Алай президенттик шайлоого катышат

Арстан Алай

Коомдук ишмер Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) президенттик шайлоого катышат. Борбордук шайлоо комиссиясы 31-октябрда ал тарабынан берилген тиешелүү документтерди кабыл алды.

Абдылдаев коомчулукта бир нече сөздөрү менен белгилүү. Алардын бири — 2011-жылы «Кыш болбойт» деп айтканы болгон.

Ал эми 2019-жылдын август айында ал өзүн «Кудаймын» деп атап, «аалам аны 2020-жылдын президенти кылып дайындаганын» билдирген.

Мындан улам Бишкек ШИИБи ага карата «Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок анын иши өткөн жылдын 31-декабрында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Кийинчерээк, пандемия башталганда, ал Кытайга коронавирусту «өзү жибергенин» айткан. Мунун себебин Кытай Кыргызстандын 4 млрд доллар карызын кечирбегени менен түшүндүргөн.

Ошондой эле Арстан Алай — теңирчи. Теңирчилик — бул байыркы түрк жана монгол элдеринин асманга сыйынуу менен байланышкан комплекстүү дини. Аны туткандар бийликтен бир нече жолу агымын дин катары таанууну талап кылышкан. Бирок алардын талабы ушул убакытка чейин аткарыла элек.

Арстан Алай президенттик шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жок — ал 2011чи жана 2017-жылы да талапкерлигин койгон.

БШК президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январга дайындаган. Ага катышуу үчүн Арстан Алайдан тышкары дагы үч талапкер — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, «Байыркы көчмөн цивилизациясы» фондунун төрагасы Кубан Чороев жана «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов БШКга документтерин тапшырган.

Президенттикке талапкерлер 19-ноябрга чейин тийиштүү документтерди БШКга тапшырышы керек. Ошондой эле, президенттикке талапкер болгондор өзүн-өзүлөрү же партиянын атынан көрсөтө алышат. БШК президенттик шайлоону өткөрүүгө 549,1 млн сом талап кылынаарын билдирген.