Коронавируска чалдыккан медиктердин саны 3 616га жетти

Иллюстиративдик сүрөт

Республикалык штаб 1-ноябрда Бишкек шаарынан — эки жана Баткен облусунан — бир медик коронавируска чалдыкканын кабарлады.

Мындан сырткары өткөн суткада 11 медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын үчөө ооруканада, сегизи үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 616га жетти — анын 3 335и оорудан айыккан. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен 25-сентябрга карата 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде билдиргендей, компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2000ге жакын медик документ тапшырган. Ал эми 200 миң сомдон кенемтени 377 медик жана 1 млн сомдон 27 медкызматкердин үй-бүлөсүнө төлөнгөн.

Ошондой эле, Бейшеналиев «Кызыл зонада» иштеген 5241 медикке сентябрь айында 71 млндон ашуун кенемте төлөнгөнү тууралуу айткан.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп жатканын айтып арызданушууда — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюрократия бар.

Мындан тышкары, ооруну иш убагында жуктуруп алганын далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация төлөнбөйт.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 59 443кө жетти. Алардын ичинен 50 409 адам илдеттен айыгып, 1 150 киши каза тапты.