Бектур Асанов президенттик шайлоого катышарын айтты. Жалпысынан беш талапкер катталды

Бектур Асанов

Саясатчы Бектур Асанов президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.

Буга чейин Асанов Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты (2000-2005 жылдары), Кыргызстандын Пакистандагы элчиси жана Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген. Учурда ал эч жерде иштебейт.

2016-жылдын март айында Асанов экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков менен биргеликте «Бийликти күчкө салып тартып алуу» беренеси менен шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Саясатчылардын кармалышына соцтармактарда жарыяланган аудиожазуу себеп болгон.

Анда Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Дуулатбек Турдуналиевдин бийликти кулатуу пландарын талкуулап жатканы жаздырылган. Асанов бул аудиожазуулар жасалма экенин айтып келген.

Сот 2017-жылы Асанов менен Кадыровду мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Асанов менен Кадыров 2019-жылдын февраль айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Ал эми Карыбековдун жаза мөөнөтү 11 жылга чейин кыскартылган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Учурда шайлоого жалпысынан беш киши талапкерлигин койду. Алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), «Байыркы көчмөн цивилизациясы» фондунун төрагасы Кубан Чороев жана «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов бар.

Президенттик шайлоого катышууга ниеттенгендер 15-ноябрга чейин Боршайкомго арызыны тапшыры керек. Мындан сырткары, талапкерлер 3-декабрга чейин аларды колдогон 30 миң жарандын колдорун чогултуусу зарыл.

Ал эми президенттикке талапкерлигин койгондор (же аларды өкүлдөрү) 7-декабрга чейин төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө талапкердин арызы же анын макулдугу менен саясий партиянын чечиминин протоколу;
  • талапкердин өмүр баянынын маалыматтарын көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы;
  • талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
  • талапкердин иштеген же окуган жеринен маалымкат;
  • мамлекеттик тилди билишинин деңгээли жөнүндө сертификат;
  • бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастаган документ;
  • талапкердин 2 даана 3х4 көлөмдөгү сүрөтү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жети күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартибинин мыйзамга шайкештигин текшерип, каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечим чыгарат.

Ал эми президенттикке талапкерлерди каттоо 15-декабрга чейин уланат. Ал күндөн тартып 2021-жылдын 9-январына чейин президенттик шайлоого үгүт иштери жүрөт.