Саясатчы Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышат

Адахан Мадумаров

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 30-октябрда басма сөз жыйын өткөрүп, президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Мадумаров президенттик шайлоого талапкерлигин партия эмес, өзүн-өзү көрсөтө турганын айтты.

«Партиянын көрсөтүүсү менен эмес, мен жеке, кыргыз жараны катарында талапкерлигимди көрсөтүп жатамын. Себеби Кыргыз Республикасынын президенти бир дагы саясий партиянын, топтун же кандайдыр бир кызыкчылыгы бар класстын мүчөсү болбой, бүтүндөй Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын, бардык улуттардын, саясий топтордун саясий кызыкчылыктарын коргогон инсан болуусу зарыл», — деди Мадумаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган. Учурдагы президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өлкө башчысы тандалып алынгандан кийин конституциялык реформа жүргүзүлө турганын айткан. Жапаров да президенттик шайлоого катышат.

Ал эми БШК президенттик шайлоону өткөрүүгө 549,1 млн сом талап кылынаарын билдирген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өзүнүн отставкасы тууралуу жарыялаган. Буга парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки өлкөдөгү саясий кризис себеп болгон.

Конституция боюнча жаңы президент шайланганга чейин өлкө башчынын милдеттерин Жогорку Кеңештин төргасы аткарышы керек болчу. Бирок парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдеттеринен баш тартып, аныныйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өткөрүлгөн.

Адахан Мадумаров буга чейин эки президенттик шайлоого катышкан. Ал 2011-жылдагы шайлоодо Алмазбек Атамбаевге (63,24%) утулуп, 14,77% менен экинчи орунду алган. Кийинки 2017-жылда өткөн президенттик шайлоодо Мадумаров 6,57% менен үчүнчү орунду алган — анда биринчи орунду Атамбаевдин мураскору Сооронбай Жээнбеков (54,22%), экинчи орунду Өмүрбек Бабанов (33,49%) алган.