COVID-19 дагы 436 кишиден аныкталды — жалпы 59 879 учур

Сүрөт: Саламаттык сактоо минстрлиги

Республикалык штаб 2-ноябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 436 учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 112;

Жалал-Абад облусу — 108;

Баткен облусу — 80;

Ысык-Көл облусу — 41;

Ош шаары — 32;

Ош облусу — 27;

Чүй облусу — 18;

Талас облусу — 15;

Нарын облусу — 3.

Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 332 бейтап айыгып, беш адам көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталды — 82 жана 75. Ошондой эле Бишкек шаарында — 60, Чүй облусунда — 41, Ош шаарында — 27, Ош облусунда — 25, Ысык-Көл облусунда — 19 жана Талас облусунда үч бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 59 879га жетти. Анын ичинен 50 741 бейтап айыгып, 1 155 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 441 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 111 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 941 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.