Кара-Суу: Эки миңдей киши Макронго каршы митингге чыкты

Кара-Суу шаарында 2-ноябрь күнү тургундар чогулуп, Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы митинг кылышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, чогулгандардын саны эки миңге жакын болгон.

Митингчилер Макрондун ислам дини тууралуу айткандарына ачууланышкан. Алар анын сүрөтүнө буттун изи түшүрүлгөн жана «Мен пайгамбарымды сүйөм» деп жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүшкөн.

Чогулгандардын дээрлик баары эркектер. Алар алгач райондук администрациянын имаратына топтолуп, андан соң алар «Аллаху акбар» деп кыйкырып жөө жүрүшкө чыгышкан.

Ошол эле күнү аталган шаарда жүзгө жакын аял жөө жүрүшкө чыккан. Алар да «Мен пайгамбарымды сүйөм» деп жазылган плакаттарды көтөрүп, «Аллаху акбар» деген лозунгдар жаңырган.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев аталган шаарда тынчтык митинги өткөнүн тастыктады. Бирок алар жергиликтүү бийликке митинг өткөрүү тууралуу алдын ала эскертүү беришпегендиктен милиция тарабынан таратылган.

«Бир ай, же эки күн калганда эскертип коюшу керек эле. Милиция эскертүү бергенде эле тарап кетишти», — деди ал.

Ошондой эле ал, «чогулгандардын саны 100гө жакын болду» деп кошумчалады.

Бул Кыргызстанда Франциянын президентине каршы өткөн биринчи митинг эмес. Буга чейин Жалал-Абад шаарында да 100дөй киши чогулуп, дал ушундай митинг өткөрүшкөн. Ошондой эле Ош шаарынын жана аталган шаарлардын көчөлөрүндө, таштанды урналарда Макрондун карикатура сүрөттөрү чапталган.

Франциянын борбору Парижде Charlie Hebdo чыгарган карикатураны окуучуларга көрсөткөн мектеп мугалими Сэмюэл Патин 16-октябрда ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Ага кол салган адам маркумду «Мухаммед пайгамбарды шылдың кылган» деп айыптаган. Кылмышка шектелип 18 жаштагы чечен улутундагы Абдуллах Анзоров кармалган.

Анзоровдун айтымында, мугалим 12-13 жаштагы окуучуларга сөз эркиндиги тууралуу сабак өтүп, ислам дининде урматталган Мухаммед пайгамбарга жасалган карикатуралар тууралуу айтып берген. Сабактын алдында мугалим ислам динин тутунган окуучуларды класстан чыгып кетүүнү суранган. Анзоровдун билдирүүсүнө ылайык, ага «Мухаммед пайгамбар карикатуралардын объектиси боло алабы» деген суроонун коюлушу жаккан эмес. Ал пайгамбар үчүн өч алууну чечкен.

Макрон каза болгон мугалимди «көмүскөдөгү баатыр», кол салуунун өзүн «ислам теракты» деп атаган.

Бир күн мурда Ниццада жана Авиньон шаарларында да кол салуу орун алган. Ниццада куралданган киши чиркөөдөгү адамдарга колып, үч адам каза болду. Бул кылмышка шектелип Тунистин 21 жаштагы жараны Брахим Ауисауи кармалды.

Ушул эле күнү Авиньон шаарында белгисиз киши полицияга кол салган. Аны коопсуздук кызматкерлери атып салышканы кабарланды.

Мындан тышкары Сауд Аравиясында Франциянын Жиддадагы консулдугунун кароолчусуна кол салган киши кармалды. Кароолчу жеңил жарат алганы кабарланды.