Садыр Жапаров: Чек ара кызматы УКМКга өткөрүү маселеси каралып жатат

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 2-ноябрда Баткен облусуна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жолугушуу эки миң орундук стадиондо өтүп, ага жүздөгөн тургундар келген.

Жапаров чек ара маселесине токтолуп, бул маселени чечүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жүктөлөрүн билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүү боюнча маселе каралып жатат.

«Чек ара маселелери сөзсүз чечилиши керек. Аталган маселе боюнча бардык маалыматтарды алдым. Аны чечүүгө бардык күч-аракетимди жумшайм. Учурдан пайдаланып, губернаторго тапшырма: чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада белгиленген социалдык объектилер сөзсүз бүткөрүлсүн», — деди Жапаров.

Учурда УКМКны «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жетектейт — ал бул кызматка 16-октябрда дайындалган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт — анын 85% такталган. Учурда такталбаган 10% боюнча макулдашуу жүргүзүлүп жатканы кабарланууда.

Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө анын 504 километри гана такталып, ал эми калган такталбаган аймактарда эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда такай жаңжал чыгып келет. Кээ бир учурда чырда тургундар ар кандай жаракат алышат, ошондой эле бир канча кыргыз чек арачылары көз жумган.