УКМК: Аскердик медициналык комиссиянын төрагасы «пара алууга» шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлердин ылайыктуулугун оң жакка чечүүчү медициналык корутунду берүүдө пара алуу фактылары бар экенин аныктады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле, УКМК ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында Медициналык башкармалыктын башчысы Аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник Ж.Ж.К. кармалганын кошумчалады. Бул инициал ИИМдин Медициналык башкармалыгынын директору Жакыпов Жыргалбек Курманбековичке туура келет.

«Ички иштер башкармалыгынын кызматына талапкерлерден, анын ичинде Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден соолугу талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, ашыкча салмагы, көзүнүнүн начар көрүшү ж.б.) алардан акча алуу фактылары катталгандыгы аныкталды», — деп жазылат ведомствонун маалыматында.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Пара алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары «Пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде кармалган. Кармалган адам ИИМдин патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлердин жумушка орноштуруу маселесин оң тарапка чечип берүүсү жана учурдагы кызматкерлерди кызматынан жогорулатуу үчүн такай акча алып турган.