Кара-Кулжанын акими болуп 67 жаштагы Нуралы Курмантаев дайындалды

Курмантаев, архив. Сүрөт: «Ош шамы»

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нуралы Курмантаевди Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими кылып дайындады. Ал буйрукка 21-октябрда кол койгон.

Курмантаев 67 жашта, аталган райондун Күйөө-Таш айылынан. Ал Ош шаарынын экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин убагында мэриянын уюштуруу бөлүмүн жетектеген.

Ошондой эле, шаардык кеңеште эки жолу депутат болуп, Ош облустук мамадминистрациясында аппарат жетекчи жана бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Ал акимдик кызматка биринчи жолу келген жок — 21 жыл мурда Базар-Коргон, 18 жыл мурда Ала-Бука райондорун жетектеп турган. Ал эми 1997-жылдары Жогорку Кеӊештин аппаратынын улук кеӊешчиси болгон.

Буга чейин 21-октябрда Садыр Жапаров Кара-Кулжанын мурдагы акими Примберди Дыйкановду кызматынан бошоткон. Дыйкановду кызматка экс-президент Сооронбай Жээнбеков үч жыл мурда дайындаган болчу.

Ошондой эле, Жапаров бардык облус жетекчилерин жана айрым райондордун башчыларын алмаштырды. Кээ бир тургундар алмашылган жетекчилерин ордуна кайтарууну талап кылып нараазы да болушту.

Бирок Жапаров «элден коркуп качып кеткен кээ бир кадрлар гана алмашканын» айтып, элди ишендирүүдө. Анткен менен Жапаров премьерликке келгенден кийин өкмөттүн курамы дээрлик толугу менен алмашкан.