Коронавирус жуктурган беш киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 8-ноябрда коронавирустан төрт бейтап көз жумганын кабарлады. Көз жумгандардын үчөө Бишкек шаарында, бирден бейтап Талас жана Ош облустарында катталды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 177ге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМ 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 5-ноябрда коронавирустан каза болгон 28 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөнүн маалымдаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 62 819 учуру катталды. Ооругандардын 53 952си илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.