Ишкер Карчыгаев: 1 млн долларлык контрактты түзгөндө Жапаров түрмөдө отурган

«Ренессанс» агрардык-өнөр жай корпорациясынын өкүлү Абдыманап Карчыгаев журналисттердин аракеттерине нааразы экенин айтып чыкты. Анын айтымында, ЖМКлар Карчыгаевдин атынан белгилүү Dickens & Madson Canada сүрөөнчү компаниясы менен түзүлгөн келишимге өтө чоң көнүл бурушкан.

Израилдин аскердик чалгындоосунун мурдагы офицери Ари Бен-Менаше жетектеген компания 1 млн АКШ долларына Кыргызстандын кызыкчыларыктын сүрөмөлөп, инвесторлорду тартып бериши керек.

Ишкердин айтымында, өлкө бюджети үчүн бул кыйынчылык жаратпайт — бул кредит эмес, гранттар болот. Бул тууралуу Карчыгаев басма сөз жыйында билдирип, журналисттер келишим тууралуу айтып берип жатып түшүнүксүз маалымат булактарын колдонушту деп нааразы болду.

«Кайдан ал маалыматты алгансыңар? Америкада бардыгы ачык билесиңер, аларда дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгат, а силер кайдан алдыңар бул маалыматты?» — деп наарызы болду ал Ари Бен-Менаше Канадада компания ачканга чейин эмне кылып жүргөнүн таптакыр билбесин кошумчалап.

Садыр Жапаров менен өз ара байланышы тууралуу

Карчыгаев премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жакындан тааныш эместигин билдирди. Анткен менен ага жардам сурап кайрылган.

«Айрым журналисттер жазып жатышкандай, Садыр Жапаровду эч качан колдонгон эмесмин! Садыр Жапаровдун жанында отурган эмесмин, Садыр Жапаровду эч качан атайлап жаманатты кылган эмесмин, жөн гана ага “Эгер мага чоң акча келсе мени коргой аласызбы” деп кайрылгам», — деп бегиледи ал.

Дегеле сүрөөнчү компанияга эмне себептен кайрылышат?

Карчыгаевдин айтымында, ал Кыргызстанды көйгөйлөрүн чечүү үчүн көмөк көрсөткүсү келген.

«Аны менен [Ари-Бен Менаше] сегиз миллиард алты жүз миллион АКШ долларына келишим түзгөм. Анын ичинен 600 млн COVID-19га грант аркылуу бөлүнүп, оорукана курулат, ал эми 4 млрд экономиканы көтөрүүгө, 2 млрд Кытайдын карызынан кутулууга, 2 млрд айыл чарба секторуна, айыл чарба-өндүрүш комплексине, жеке сектор катары. Биз завод, фабрикаларды куруп, Орусиянын ар кайсыл шаарларында эмгектенип жүргөн мекендештерибизди алып келишибиз керек», — деп белгиледи Карчыгаев.

Ошондой эле, «эл ар кайсыл өлкөдө тентип, өз өлкөсүндө кура турган бакытты четтен издеп жүрбөсү үчүн күйүп жатканын» кошумчалады. Ал эми Жапаровдун эч кандай кызыкчылыгын келишимде эске алган эмес.

«Садыр Жапаров бул тууралуу билбейт. Садыр Жапаровдун ал жерде [келишимде] колу жок, көбүртүп-жабыртуунун кереги жок. Келишимде премьер да, өкмөт да эскерилген эмес, “Ренессанс” компаниям гана аталган. Жапаров [FARA] сайтында гана эскерилген, аны мен бүгүн эле билдим, негизги контрактта ал жок», — деп ачууланды ишкер.

Карчыгаев анын идеясына ЖМК тарабынан өтө көп көңүл бурулуп жатканына түшүнбөй келет.

«Мен бул контрактты түзгөндө Жапаров деген түрмөдө отурган. Бул төрт ай мурда болгон окуя. Инвесторлорду чакырганы жатам дегенде мени Сооронбай Жээнбеков да, Кубатбек Боронов да кабыл албады, ТИМден болсо “Ооба, Кыргызстанга тышкы карызды кутулууга жардам бергиңиз келгенин билебиз, бул жакшы, бирок, байке, алар курал-жарак сатып иштешкен” деп айтышты», — деп белгиледи Карчыгаев.

Ишкердин айтымында, журналисттер бекер эле келишимге асылып, андан кынтык издеп жатышат. Арадай жерге, чарадай чуу салуунун кереги жок болчу.

«Путин жөнүндө канча жазып жатышат, оор учурда Жапаров Баткенден Ошко учуп барыптыр деп жазып жатышат… Силер жазып атасыңар да муну, көбүртүп-жабыртып жаткан силерсиңер да!»

«Реалдуу, чынчыл болушу керек да: [Садыр Жапаров] силерден, премьер-министр болуп дайындалганда “Журналисттер, кай жерде коррупция бар экенин айтып жардамдашкыла” деп суранбады беле. Бул жерде эмне коррупция жыттанып жатабы? Мындай болбойт, мен өзүм үчүн эмес, эл үчүн аракет кылып жатам да», — деп жыйынтыктады Карчыгаев.

Dickens & Madson кызматына кайсыл каражат төлөнгөн?

Канадалык компаниянын кызмат акысын төлөөгө кайдан каражат алынганы тууралуу суроону Карчыгаев жоопсуз калтырды. Анын айтымында, «Ренессанс» 2019-жылы түптөлгөн жана азырынча жеткиликтүү киреше алып келе элек.

Ошондуктан, өлкөнүн пайдасына келишим түзүүгө, кайсыл бир белгисиз достору жардам кылган. Карчыгаев кийинчерээк акчасын кайрып алып, учурда уулу жетектеп аткан «Ренессанс» компаниясына ээлик кылам деп үмүт кылат.

«Менин компаниям өткөн жылы Орусиядан кайтып келгенимде ачылган, ал жакта бизнес кылып, он жыл жашадым. Москвадагы досторум жардам берди, мен үчүн ошолор төлөштү. Кайсы бири 115 миң доллар, башкасы 250 миң доллар салды. Калгандары да жардам бергенге даяр. Мен аны кийин досторума кайтарым беришим керек! Америкадагы адвокаттарга төлөйм, ал жактан инвестиция болсо акча да болот», — деп ишендирди ал.

Андан ары эмне болот?

Эгерде, баары Карчыгаев ойлогондой болуп, Кыргызстандын көйгөйлөрү чечилип, ал эми Карчыгаев республикадагы биринчи кишилердин бирине айланып, өлкөгө финансы булактары агып киргенин карап турмакчы.

«Төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун сүрөөнчү компаниясы мени менен жолугуп, акча берет. Акчалар бул жакка түшкөндө, андан кийин президент, шейх Жапаров менен жолугат же болбосо ким өлкө башчы болсо ошону менен. Ким президент же премьер болбосун мен да бул процесске катышып, коштоп турам», — деди ал.

Азырынча республика бир доллар дагы ала албайт: Карчыгаев сүрөөнчү компанияга жарым миллион доллар карыз.

«Эгерде мен калган 500 миң долларды төлөсөм, алар COVID-19 үчүн бөлүнгөн акчаны эртең эле жөнөтүп коюшат. Бирок менде азыр акча жок. Досторум бир имарат беришти. Ошону күрөөгө коюп, акча алып төлөп бермей болдум», — деп билдирди. Бирок келишим тууралуу кенен маалымат берүүдөн баш тартты. — «Кайсыл имарат экенин силерге кандай айырмасы бар? Баарын эле билгиңер келип турат экен. Мен кайда, ким менен жатам, ким менен жатаарымды дагы айтып берейинби? Кереги жок, кичине болсо дагы ыйбаа кылсаңар боло!»

Жыйынтыгында, Карчыгаевге ким идея бергени, башталышын кимдер колдоп жатканы деле белгисиз бойдон калды.

«Силерге кандай айырмасы бар? Менин артымда мен өзүм бармын», — деп жыйынтыктады ал.