«Шайлоолор мыйзамсыз». Таалатбек Масадыков президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер Таалатбек Масадыков талапкерлигин кайтарып алды. Бул тууралуу Масадыков өзүнүн YouTube-каналында видео кайрылуу аркылуу билдирди.

Масадыков болуп жаткан саясий процесстерди мыйзамсыз деп эсептейт.

«4-октябрдагы парламенттик шайлоонун натыйжалары жокко чыгарылгандан кийин, Конституция боюнча биринчи парламенттик, андан соң гана президенттик шайлоо өтүүсү зарыл», — деп эскертет ал.

Азыр бул тартип бузулгандыктан Масадыков мыйзамсыз саясий процесске катышуудан баш тартат.

Масадыков президенттикке ат салышуудан чукул баш тарткан экинчи талапкер. Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун пайдасына шайлоого катышпай турганын экс-премьер Өмүрбек Бабанов айтып чыккан.

Кезексиз президенттик шайлоо - 2021

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген. БШКнын маалыматына караганда, президенттик шайлоого катышуу үчүн 9 адам арыз берген.

Дагы эки адам шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирокБШКга документтерин тапшыра элек. Булар «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров.

Кезексиз президенттик шайлоого 5-октябрдагы саясий кризистин жыйынтыгы. БШК 4-октябрда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийин миңдеген жарандар өлкө боюнча нааразылык акциясына чыккан. 6-октябрга караган түнү башаламандыктар башталып, Жогорку Кеңештин имараты митингчилердин колуна өткөн. Башаламандыктар учурунда митингчилер камактагы бир катар адамдарды, анын ичинде экс-депутат, барымтага алуу беренеси боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду бошоткон.

Абактан бошотулгандан кийин Жапаровдун тарапташтары лидерине премьерликти же президенттик орунду берүүнү талап кылууга өтүшкөн. Акыры алардын талабы дагы орундалган: алгач Жапаров премьер катары легитимдешкен. Ага чейин бир катар депутаттар тарабынан Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы менен Конституциянын нормалары сакталган эмес болчу. Үчүнчү жолу процедура мыйзамга ылайык өткөн. Бирок айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.

Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү талабы дагы ишке ашкан. Алар коркутуп-үркүтүүлөрдүн арты менен жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткара турган спикер Канатбек Исаев бул ыйгарым укуктарын Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып, ага жетишкен.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий абалдан улам шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кайрадан шайлоо 20-декабрга белгиленген. Кийин 22-октябрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын бир катар депутаттары конституциялык реформа өткөрүүнү жана парламенттик шайлоону 4-6 айга артка жылдырууга жол берген мыйзам долбоорун карап, жактырышкан.

23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров парламентке кайрадан шайлоо өткөрүү күнү жылдырылып, июнга чейин анык болоору жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Бирок алгач референдум өткөрүп, президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоону сунуштаган.

Жапаров шайлоонун артка жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанууда.

Юристтер мындай кадам Конституциянын нормаларын бузуп, Кыргызстанды укуктук нуктан кризиске түртөт деп эсептешет.