Садыр Жапаров Байденди АКШдагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Жозеф Байденди АКШнын президенттик кызматына шайланышы менен куттуктады.

Жапаров өзүнүн куттуктоо телеграммасында АКШ «өзүнүн өнүгүүсүнүн тарыхый этабында турганын» белгилеп, Америка эли жаңы бийиктиктерге жетет деген ишеничти билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, Кыргызстан кыргыз-америка мамилелерин өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көңүл буруп келген.

«Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн алга жылып жатканын зор канааттануу менен белгилейм. Эки элдин бакубаттыгы үчүн кыргыз-америка мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен иштерге кубанычымды билдирем», — деди Жапаров.

Ошондой эле, Жапаров Байденге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Америка элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрда өтүп, 7-ноябрда демократтардын талапкери Жозеф Байден жеңишке жеткени белгилүү болду. Байден АКШнын 46чы президенти болот.

Ал эми Камала Харрис АКШнын тарыхында биринчи аял вице-президент болот. Ошондой эле, ал бийик кызматтагы биринчи афро-америкалык жана азиялык жаран болду.

2015-жылдын июлунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстандын бийлиги АКШ менен кызматташуу келишимин денонсациялаган. Ал эми 2019-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков жаңы келишимдин долбоору иштелип жатканын билдирген, бирок документке кол коюла элек.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.