Сузак: 1000 доллар опузалаган милиционер пара алып жатканда кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жергиликтүү тургундан пара талап кылган Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерин кармады.

«Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Шектүү жабырлануучудан 30 миң сом алып жаткан жеринен УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшкөн. Аталган факт боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин, август айында, Финансы полиция Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүн 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган. Кармалган тергөөчү параны кылмыш ишин кыскартуу үчүн талап кылган.