Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков көз жумду

Маркум Каныбек Исаков

Мурдагы билим берүү жана илим министри профессор Каныбек Исаков 12-ноябрда көз жумду. Ал 51 жашта болчу. Бул тууралуу «Клоопко» маркумдун жакындары тастыктады. Алардын айтымында, Исаков коронавирус жуктуруп, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан.

Исаков 2019-жылдын сентябрында Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган болчу. Бийлик алмашкандан кийин президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Исаковду кызматтан 14-октябрда алган. Ага чейин ал Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп турган. ОшМУну ал сегиз жыл жетектеген.

Каныбек Исаков 1969-жылы Ош облусунун Жаңы-Ноокат айылында туулган. 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин Филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле жылы аталган факультеттин тил илимдер кафедрасына окутуучулук кызматына кабыл алынган.

Андан соң Филология факултетинин деканынын орун басары, университеттин тарбия иштери боюнча проректор, Мамлекеттик тил боюнча проректор кызматтарын аркалаган. ОшМУнун ректору болгонго чейин 2011-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык инстутитун жетектеген.

Исаков филология илимдеринин доктордук диссертациясын 2011-жылы коргоп, «Жылдын ректору» наамына татыган.

Ошондой эле ал 2012-2016-жылдары КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон.

Исаков мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда отставкага кеткенден кийин келген.