Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт

Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстан жана Казакстан Кыргызстанга экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт. Мындай чечим ШКУ саммитинен кийин, коңшу мамлекеттердин өлкө башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда кабыл алынган.

«Борбор Азиядагы абалды талкуулоодо мамлекет башчылары региондо туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоо максатында биргелешкен аракет көрүү тууралуу макулдашууга жетишишти. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстан буга чейин Кыргызстанга азык-түлүк жана финансылык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен 6-ноябрдагы жолугушуусунда, саясий силкинүүлөрдөн кийин өлкөнү колдоого даяр экендигин айткан.

Казакбаев Казакстанга да жардам сурап кайрылган болчу. Ал 29-октябрда казак премьери Аскар Мамин менен жолугушууда өлкөнүн бюджетин колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү суранган. ТИМдин башчысы ошондой эле Казакстанды коронавирус менен күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарын жана дары-дармектерди берүүсүн суранган.

Коронавирустун пандемиясынын жана Кыргызстандагы саясий окулардын шартында өлкөдө экономикалык кризис башталган. Бюджеттин тартыштыгы рекорддук 35,6 млрд сомго жетип, ал эми тышкы кредиторлор менен донорлор республикага финансылык салым кошууларын токтотушкан.