Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн отставкага кетти

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда өлкө башчынын милдеттерин өткөрүп берип, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтотту.

Президенттин милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлүп, ал эми премьер-министрдин ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Артем Новиковго өтөт.

«Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда — суранып кетээр элем: шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин уруу-урууга жана тууган-туушканга бөлүнүшүнө жол бербейли», — деди Жапаров өз кайрылуусунда.

Буга чейин Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүң Борбодук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырган. Кийинчерээк ал документтерин БШКдан чакыртып алып, ээлеген кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого катышуу үчүн кайрадан арызыны берген.

Президенттик шайлоого катышууга ниеттенгендер 15-ноябрга чейин Боршайкомго арызын тапшыры керек болчу. Учурда БШКга 63 талапкер арыз менен кайрылды.

Эми талапкерлер 3-декабрга чейин аларды колдогон 30 миң жарандын колдорун чогултуусу зарыл. Ошондой эле алар 7-декабрга чейин мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат жана бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастаган документти тапшырышы керек.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Жапаровдун бийликке келиши

Жапаровдун тарапташтары аны УКМКнын ТИЗОсунан 2020-жылдын 6-октябрынын таңында, Ак үй алынгандан кийин, камактагы башка саясатчылар менен кошо бошотуп чыгышкан.

Жапаров дароо эле премьерликке келүүгө аракеттерди көрө баштаган. Муну тарапташтары дагы талап кылып, парламенттин айрым депутаттары аларга карата коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров премьерликке бекитилген күнү, Алмазбек Атамбаев колго түшүрүлүп, кайрадан абакка кайтарылган.

Жапаров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда отставкага кеткен. Парламенттин мурдагы спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткарышы керек болчу, бирок премьер-министрдин тарапташтары анын да отставкасын талап кылышып, өлкө башчысынын милдетин Садыр Жапаров аткарышын каалашкан.

Жыйынтыгында Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өткөн.