Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерди тапшырды

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерди тапшырганын кабарлады.

Боршайкомдун токтомуна ылайык, шайлоого катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин баарын 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) тапшырышы керек.

Буга чейин БШКга президенттик шайлоого катышуу тууралуу 36 арыз келип түшкөн. Талапкерлердин бири — Бакыт Бакетаев арызын чакыртып алган.

Кезексиз президенттик шайлоого 5-октябрдагы саясий кризис алып келген. БШК 4-октябрда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийин миңдеген жарандар өлкө боюнча нааразылык акциясына чыккан. 6-октябрга караган түнү башаламандыктар башталып, Жогорку Кеңештин имараты митингчилердин колуна өткөн. Башаламандыктар учурунда митингчилер камактагы бир катар адамдарды, анын ичинде экс-депутат, барымтага алуу беренеси боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду бошоткон.

Абактан бошотулгандан кийин Жапаровдун тарапташтары лидерине премьерликти же президенттик орунду берүүнү талап кылууга өтүшкөн. Акыры алардын талабы дагы орундалган: алгач Жапаров премьер катары легитимдешкен. Ага чейин бир катар депутаттар тарабынан Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы менен Конституциянын нормалары сакталган эмес болчу. Үчүнчү жолу процедура мыйзамга ылайык өткөн. Бирок айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.

Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү талабы дагы ишке ашкан. Алар коркутуп-үркүтүүлөрдүн арты менен жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткара турган спикер Канатбек Исаев бул ыйгарым укуктарын Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып, ага жетишкен.

Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган жана Конституциялык реформа даярдалууда. Жапаров Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек деп эсептейт.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарынан баш тартышы керек.