Диний ишмер Садыбакас Доолов рейдерликке шектелген Улук Өмүрзаковду коргоп чыкты

Диний ишмер Садыбакас Доолов 12-ноябрда Оштогу көмүр казган компанияны рейдерлик басып алууну уюштурууга айыпталып кармалган Улук Өмүрзаковду колдоп чыкты.

Ал видеокайрылуу жасап «бирөөнүн көңүлүн ооруткан кишинин “колу чирип кеткени” тууралуу» баян айтып берген. Ошондой эле Өмүрзаковдун «жакшы иштерин» атап, ага «жаза бергендер да зыян тартып калышы мүмкүн экенин» эскерткен.

«Куран конкурстарын өткөрүп, жетим-жесирлерге жардам берип, пандемия учурунда тынбай тамак тараткан Улук Өмүрзаковдун да кудайы бар. Ага берген жазаңар кайсы бир инсандын колун кууратып койбосун», — деген ал.

Ал каралоонун да өз жолу бар деп айтып, Өмүрзаковду мыкты инсан атаган. Ошондой эле «аны “жазалап жаткандардын” эсине келүүсүн» кошумчалаган.

Доолов Аалымдар кеңешини мүчөсү, эл арасында белгилүү диниятчы. Диний ишмер, Аалымдар кеңешинин мүчөсү «бул сыяктуу билдирүүнү жасай алабы» деген сурообузга муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев жооп алып берүүнү убадалады. Ошондой эле ал Аалымдар кеңеши муфтияттан жогору тураарын кошумчалады.

Өмүрзаковдун кармалышы

Улук Өмүрзаков ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, Ош облусунун улук прокурору. Ал 12-ноябрда «Жол-Чырак и Ко» компаниясын рейдерлик басып алууну уюштурууга айыпталып УКМК тарабынан кармалган.

Буга чейин 21-октябрда өздөрүн аталган көмүр казуучу компаниянын ээлери деп атаган Алмас Жоробеков жана Муратбек Исраиловдор маалымат жыйын курушуп, алардын компаниясын Кутман Шермат уулу аттуу киши басып алганын айтышкан.

Ошондой эле бул ишке Улук Өмүрзаковдун да тиешеси бар экенин айтышып, ал ээлик кылган «Мухаммед-Умар» коопсуздук агенттиги «кендин чыныгы ээлерин ишканага кирүүгө тоскоолдук кылып жатканына» даттанышкан.

Шаардык соттон жана милициядан Шермат уулу учурда издөөдө экенин айтышкан — ал сот тарабынан «Алдамчылык» жана «Мыйзамсыз ишкердикке» айыпталып, бөгөт коюу чарасы катары кармалган күндөн тарта тергөө абагына киргизүү токтому кабыл алынган.

Ал эми Улук Өмүрзаков жана Шермат уулунун адвокаты көп өтпөй маалымат жыйын курушкан. Анда Өмүрзаков кенди басып алуу боюнча айыпты четке каккан. Ал эми Шермат уулунун жактоочусу анын кардарына карата куугунтук болуп жатат деп билдирген. Ошондой эле, Шермат уулу аталган компания менен келишимдин негизинде гана иштеп жаткандыгын кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чоң мафия турат». Ошто көмүр казган компаниянын ээлери карьерди кайтара албай убара