Фактчек: Жунушалиев Москвадагы концертке барганы тууралуу тасма 2019-жылы тартылган

Социалдык тармактарда мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвадагы маданий иш-чарага катышкан тасмасы тарап жатат. Видеонун темасында концерт үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында Орусиянын ички иштер органдарынын күнүндө тартылганы жазылган.

Жунушалиев Москвадагы концертте жүргөн сүрөт алгач инстаграмдагы «БеспределKG» баракчасында жарыяланган. Ал эми соцтармактын колдонуучулары Жунушалиевдин жанында отурган аял анын жубайы экенин жазышкан. Кийинчерээк бул пост өчүрүлгөн.

Ал эми концерттин толук версиясы Орусиянын «1 каналында» жүктөлгөн (1:04:32) — анда концерт 2019-жылдын 10-ноябрында тартылганын көрүүгө болот.

*Орусия Федерациясынын ички иштер органдарынын күнү 10-ноябрда белгиленет.

Кашкар Жунушалиев 5-октябрдан бери дайынсыз болуп келет. Ал күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги массалык толкундоолорго айланып, өлкө саясий кризиске кептелди.

6-октябрга караган түнү митингчилер жана күч органдарынын ортосунда кагылыш болуп, анын натыйжасында 19-жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапты. Ошондой эле миңдеген кишилер жаракат алышкан — алардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, медиктер жана демонстранттар да бар.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев жана ИИМдин мурдагы башчысы Жунушалиев издөөдө жүргөнүн айтып, бирок аларга карата кылмыш иши козголо электигин билдирген.