ИИМ Жанар Акаев менен Мирлан Жеенчороевди суракка чакырды

Мирлан Жеенчороев / Жанар Акаев

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Мирлан Жеенчороевди суракка чакырды. Бул тууралуу «Клоопко» министрликтин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева билдирди.

«5-6-октябрда болуп өткөн массалык башаламандык фактысы боюнча ИИМдин тергөө кызматына күбө катары чакырылган», — деди Шаршеева.

Социалдык тармактарда жарыяланган чакырууда Акаев суракка 19-ноябрга келүүсү көрсөтүлгөн.

«24.kg» басылмасы жеке булактарына таянып, Мирлан Жеенчороевдин сурак мөөнөтү башка убакытка жылдырылганын жазды — депутат учурда пневмонияга чалдыгып, дарыланууда.

Октябрдагы нааразычылыктар

5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган. Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингине чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилер үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатылган. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.

Ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди кайтарып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт коюшкан. Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жарааттарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Ички иштер министрлиги бул окуялар боюнча «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштап, анын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка жеткирүүгө аракет жасашкан.