Ош: УКМК Кара-Суудагы айыл өкмөттөрдө тинтүү жүргүздү

УКМК тарабынан 19-ноябрда Кара-Суу районунун Савай жана Сарай айыл өкмөт башчылары Мунарбек Сайпидинов жана Замир Тургунбаевдин иш бөмөлөрүндө тинтүү жүргүздү.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова «Клоопко» тинтүү «каржылык иликтөө» боюнча жүргөнүн билдирди.

«Аким менен сүйлөшсөм, алардын экономикалык жактан иштери күмөн болуп калышы ыктымалдыгына байланыштуу текшерүүлөр болуп жатканын билдирди. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне экени айтылбайт», — деди ал.

Ал эми Савайдын башчысы Мунарбек Сайпидинов өзү видеокайрылуу жасап, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын маалымдады. Ал тинтүү үйүндө да болуп, «үй-бүлөсү коркуп калганын» айтып нараазы болду.

«Бир нерсе болсо эле ушул Райымбек Матраимовдун өкүл баласы деп куугунтуктай беришет. Ал менин өкүл атам, ал өз жолунда мен өз жолумда. [...] Шайлоодо Асылбек Жээнбековдун куугунтугуна кабылдым, көрбөгөн күнүмдү көрсөтүштү», — деди ал.

Ал коомчулукка жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып ага шайлоо убагында да басым болгонуна даттанды. Ал Ташиевден «чындыкты билгиси келсе» аны кабыл алуусун суранган.

Сайпидинов

Сайпидинов — өкүл атасы, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган.

Мындан сырткары соцтармактын колдонуучулары Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Өткөн жылы спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу Сайпидинов менен Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев тарабынан коркутуулар болгонун айтып чыккан.

Тургунбаев

Ал эми Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев коомчулукта 2018-жылы айылдык кеңештин депутаттары анын үстүнөн арызданганда белгилүү болгон.

Депутаттар айыл өкмөттүн бюджети Тургунбаев келгенге чейин 160 млн сомду түзгөнүн, бирок ал келип бюджет 65 млн сомго кыскарганына даттанышкан. Бирок Тургунбаев бул айыптоолорду четке каккан.