УКМК Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевди кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомиттет Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ирсалиев УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле жерде атайын кызмат тарабынан мурда кармалган Соцфонддун аппарат башчысы да отурат.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун кызматкерлери коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттин казынасына 9 млрд сомдук зыян келтиргенин аныктаган.

«Соцфонд менен МСКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, жең ичинен каражат алып туруу үчүн мыйзамга каршы келген байланыш түзүшкөн. Алар алтын казуучу “Кумтөр Голд Компани” компаниясына артыкчылыктарды беришкен, натыйжада компания кошумча салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келген», — деп билдиришкен финполдон.

Бирок салык кызматы финполдун билдирүүсүн «негизсиз» деп атаган.

«Мамлекеттик салык кызматынын 2018-жылы “Кумтөр Голд Компани” алтын казып алуучу компаниясына карата жүргүзгөн бардык иш-аракеттери мыйзамдардын чегинде гана ишке ашырылган. Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 54-беренесине (“Салыктык сыр”) ылайык, айыптоого себеп болгон маалыматтарды коомго ачык жооп катары берүүгө укугу жок экендигин билдирет. Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматы тергөө иштеринин алкагында зарыл болгон бардык материалдарды Финансы полициясына берерин белгилейт», — деп билдиришкен салык кызматынан.