Мамытов Конституциялык кеңешме түздү, бирок Бекешев аны парламент гана түзө алат дейт

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди.

Жарлыктын өзүндө Конституциялык кеңешме коомдук талкуу өткөрөт деп жазылган.

  • Конституциялык түзүлүштүн негиздерин жакшыртуу;
  • Адам жана жарандардын укук жана эркиндигин;
  • Мамлекеттик бийликтин системасын;
  • Мамлекеттик бийли бутактарынын ыйгарымдарын чектөөнү жана оптимизациялоону жакшыртуу.

Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча сунушту Жогорку Кеңешке киргизет. Аларга бул боюнча парламент менен президенттин аппаратынын басма сөз кызматы жардамдашат.

Конституциялык кеңешменин ишин көзөмөлдөө вице-спикер Мирлан Бакировго жана президенттин аппаратынын башчысы Сүйүнбек Касмамбетовго жүктөлдү.

Кеңешменин түзүлүүсүнө депутат Дастан Бекешев реакция жасады. Ал телеграм каналында Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен эмес, парламенттин токтому менен түзүлөрүн түшүндүрдү.

«Бул жерде президенттин жарлыгы туура эмес, президент парламентке мыйзамдарды киргизе албайт», — деп айтып берди ал.

Киргизилгис түзөтүүлөр жана туура эмес даталар

Конституциянын жаңы долбоору жарыяланган түнү эле юристтер, айрым депутаттар жана соцтармак колдонуучулары сунушталган өзгөртүүлөрдү кескин сынга алышкан.

«Медиа Полиси Институтунун» башчысы Бегайым Үсөнова долбоорго өз баасын берип, бир катар бузууларды аныктады.

Үсөнованын айтымында, көйгөйлөрдү бири — бул референдум өткөрүү үчүн сунушталган күн.

Ал мыйзам катталган учурдан тарта — 17 ноябрь — бир айдан эрте эмес жана 3 айдан кеч эмес убакытта коомдук талкуудан өтүүсү керектигин түшүндүрдү. Башкача айтканда, 17-декабрга чейин. Андан кийин гана, мыйзам боюнча, парламент депутаттары референдум өткөрүү күнүн талкуулай алат.

«Ошондуктан, 17-январга чейин референдум өткөрүү одоно процессуалдык мыйзам бузуу болуп саналат», — деди Үсөнова.

Үсөнова коомдук талкуудан кийин эл өкүлдөрү алымча-кошумчаларды эске алып, мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизиши керек деп эсептейт. Бирок аны кылууга мүмкүн эмес — мыйзам боюнча референдум дайындалып калгандан кийин Конституциянын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт.

«Конституциянын атасы» делген саясатчы Өмүрбек Текебаев дагы Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин айтты.

Текебаевдин айтымында, долбоорду демилгелеген депутаттар алгач Конституциялык палатадан уруксат сурап, долбоор мыйзам ченемдерине туура келер-келбесин сураш керек эле, бирок алар муну кылган эмес жана ушуну менен мыйзамды бузушкан.