Садыр Жапаровдун жарлыгы боюнча абактан 230 киши бошотулду

Сүрөт: Руслан Калматов

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда ырайым кылуу жөнүндө жарлык чыгарып кеткен. Ага ылайык 18-ноябрда 230 киши абактан бошотулуп, соттолгон 38 кишинин абакта жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдады.

«ЖАМК Президенттин кайрымдуулук катчылыгына соттолгондорго ырайым кылуу боюнча 1800дөн ашуун кайрылууну жөнөткөн. Бул багытта дагы иштер уланат», — деп бирдирген ЖАМК.

Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында түрмөлөрдө күнөөсүз отурган адам көп экенин айткан. Ошондой эле, ал укук коргоо органдарынын «план толтуруу» максатында күнөөсүз кишилерди камоо көрүнүштөрү да бар экенин белгилеген.

«Мисалы, 5000 адам түрмөдө отурса, анын ичинен 2000дей киши адилетсиз отурганы бар. Алар жалаң карапайым калктын балдары», — деп айткан Жапаров.

Ырайым кылуу — соттолгон адамды жазадан толук же жарым-жартылай бошотуу болуп саналат. Ошондой эле, сот дайындаган жазаны жеңил жазага алмаштыруу. Ал президент тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ырайым кылуу тууралуу арыз өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жекече өтүнүчтөрү боюнча каралат.