Саясий репрессияга каршылык көрсөтүү комитети: Депутаттарды суракка чакыруу — бул кысым

Саясий репрессияларга каршылык көрсөтүү комитети (СРККК) парламенттин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев ИИМге суракка чакырылганына байланыштуу кайрылуу чыгарды.

Кайрылууга ылайык, бул чакырууларды мыйзам чыгаруу бийлигине жана «Конституцияны кайрадан түзүүгө, парламенттик жана президенттик шайлоонун өткөрүү датасына карата бийликке каршы пикирдеги эл өкүлдөрүнө» басым катары баалоо керек.

«Бул өлкөдө акыркы бир жылдар ичинде рецидив болуп калган тандалма жазалоо саясатынын уландысы. Тилекке каршы, учурдагы бийлик саясий талааны атаанташтардан тазалоо боюнча каталарын кайталап жатат», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Комитеттин негиздөөчүсү жана лидери Адил Турдукуловдун пикиринде, 5-октябрдагы окуялардын келип чыгышына бир гана шайлоонун жыйынтыгы эле эмес, «бийликтин оппозиция, жарандык коом жана көз карандысыз ЖМК менен эки тараптуу диалог түзө албагандыгынан» улам да болгон.

«Тилекке каршы, азыркы бийлик кыргызстандыктардын жана эл аралык коомдун алдында өз макамын аягына чейин легитимдиштирбей туруп, президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүүнү бир күндө өткөрүү аркылуу арабаны аттын алдына коюуга аракет кылып жатат», — деп айтылат комитеттин кайрылуусунда.

Турдукулов президенттин милдетин мурдагы аткаруучу Садыр Жапаровду Конституциянын өзгөртүлүшүнө жооптуу деп атап, аны «акыр аягы өзүнө эле терс таасирин тийгизүүчү деструктивдик иш-аракеттерин» токтотууга чакырды.

Буга чейин ИИМ активисттер жана коомдук ишмерлерге кайрылып, айрым депутаттарды суракка чакырууну саясат жана Конституциялык реформага каршы пикири менен байланыштыруудан оолак болууга чакырган билдирүү жарыялаган.

Министрликтен депутаттар 5-6-октябрда башталып, 9-октябрга чейин уланган окулардагы факттар боюнча суракка чакырылганын билдиришти.

«Айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрүн алаңгазарлык билдирүүлөрдү жасабоого жана жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдарын саясат менен байланыштырбоого чакырабыз, бул орунсуз жана туура эмес», — деп билдиришти ИИМден.

Ведомство тергөөчүлөр милиция кызматкерлерин жана коомдук ишмерлерди дагы күбө катары суракка аларын кошумчалады.

«Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого мүмкүн эмес», — деп түшүндүрөт министрлик.

Жаңы Конституция жана депутаттарды суракка алуу

Буга чейин ИИМ төрт саясатчыны күбө катары суракка чакырган — «Республика» партиясынын лидери Мирлана Жеенчороевди, «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Жанара Акаев, Эмил Токтошев жана Рыскелди Момбековду.

ИИМден алар 5-6-октябрдагы окуялар тууралуу иш боюнча күбө катары чакырылганын билдиришкен. Бирок, саясатчы Рыскелди Момбеков «Конституциянын долбооруна каршы чыккандар гана суракка чакырылып жатканын» айткан.

Ошол күнү «Ала-Тоо» аянтында болгон башка саясатчылар да сурак бердиби-жокпу азырынча белгисиз. Ошондой эле суракка 5-октябрда аянтта болгон УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жана Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев жана башка саясатчылар баштаган топ сурак берер-бербеси айтыла элек.

Ушул эле иш боюнча буга чейин БШКнын мүчөлөрүн да суракка чакыруу аракети болгон. 21-октябрда БШКнын имаратына тергөөчү келип, комиссиянын мүчөлөрүн 5-6-октябрь окуяларына байланыштуу ИИМге суракка чакырган.

Анда Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева суракка чакыруу «көз карандысыз конституциялык органдын коркутуу акты болуп саналарын» айткан.