Ташиев чек араны аныктоо жана тактоо боюнча делегацияны жетектеп баштады

Өкмөттүн басма сөз кызматы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси болгонун маалымдады.

Ташиев кыргыз делегациясынын мүчөлөрү менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, ошондой эле коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун баштоону талкуулашты.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматында иштеп жатканда — 14-ноябрда УКМК менен Мамлекеттик чек ара кызматын бириктирген. Жапаров мындай чечимди «мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу» максатында кабыл алган.

Чек ара кызматы менен УКМКны бириктирүү ниетин Жапаров 2-ноябрдагы Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда да билдирген болчу.

Жапаровдун бул демилгесин чек ара кызматынын ардагерлери дароо эле сынга алышкан. Алар бул билдирүүнү куру сөз деп атап, чек ара кызматы буга чейин эки жолу атайын кызматтын курамына кошулуп, кайра эки жолу артка кайтарылганын эскертишкен.

Ардагер чек арачылар бул тармакты каржылоо калдык принциби менен жүрүп, чек ара коопсуздугун чыңдоого тийиштүү көңүл бурулбайт деп билдиришкен.

Мындан тышкары, чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Акылбек Арстанбеков бул демилге эл аралык чек ара кызматташтыгын үзгүлтүккө учуратып, гранттык жардам алуунун жолун бууп коюушу мүмкүн экенин айткан. Буга чейин Чек ара кызматы БУУ, ЕККУ жана Миграция боюнча эл аралык уюмдан каражат алып келген.

Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин президенттин милдетин аткаруучу кызматына келери менен дароо Камчыбек Ташиевди УКМКнын башчылыгына дайындаган.

Ташиев — Жапаровдун жакын үзөңгүлөш досу. Алар «Мекенчил» партиясынын негиздөөчүлөрү болуп саналат, Ташиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого ушул партиянын талапкери катары барган.

Ташиевди УКМК жетекчилигине дайындоодон сырткары, Жапаров «Мекенчилдеги» партиялаштарынын бир тобун облус өкүлү катары бекитип, ал тургай өз адвокатына Дин иштери боюнча мамкомиссияны жетектөө ыйгарымын тапшырган.