Галина Байтерек: Анча оор кылмыш кылбагандар менен катуу оорулууларга ырайым берилди

Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Галина Байтерек ырайым кылуу жөнүндө Садыр Жапаров кол коюп кеткен жарлык боюнча билдирүү жасады.

«Ырайым берүү тууралуу эки миңден ашуун кайрылуу каралды. Жыйынтыгы менен президенттин жарлыгы чыкты, ага ылайык, 200дөн ашуун жаранга ырайым берилди. Бул анчейин оор кылмыш кылбаган жарандар. Мындан тышкары, ырайым алгандардын арасында аялдар, жашы жете электер жана оор абалдагы жарандар бар», — деп билдирди Байтерек. Анын айтымында, ырайым берүү уланат.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда абактагы 230 адамга ырайым берүүгө үлгүргөнү тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган. Мындан тышкары, абактагы 38 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылганы белгилүү.

Жалпысынан Ырайым берүү маселелери боюнча катчылыгына 1 800дөн ашуун ырайым суроо кайрылуусу түшкөн.