![epa08530726 Medical staff carries the body of a deceased from COVID-19 near a day hospital in Bishkek, Kyrgyzstan, 06 July 2020. In connection with the increase of the number of patients with COVID-19, new day hospitals were opened in Bishkek. People with acute respiratory viral infections and pneumonia can receive consultations, injections and droppers here. EPA/IGOR KOVALENKO](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2020/11/ilyustra.jpg)
Республикалык штаб 21-ноябрда COVID-19дан беш бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарында жана Талас облусунда катталды.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 227ге жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун 437синин өлүмүнүн негизги себептери COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар болуп чыккан.
ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, коронавирустан 83 медкызматкер көз жумган.
Өлкөдө коронавирустун жалпы 69 149 учуру катталды. Ооругандардын 60 294ү айыгып чыкты.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.