Акыркы суткада коронавирустун жаңы 432 учуру катталды — анын 138и Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Республикалык штабдан 22-ноябрда коронавирустун жаңы 432 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 138;

Чүй облусу — 62;

Ысык-Көл — 51;

Ош облусу — 26;

Жалал-Абад облусу — 66;

Баткен облусу — 37;

Ош шаары — 27;

Талас облусу — 10;

Нарын облусу — 15.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 69 581ге жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 613.

Ошондой эле, акыркы суткада 517 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 104, Жалал-Абад облусунда — 88, Ош облусунда — 62, Ош шаарында — 16, Баткен облусунда — 76, Чүй облусунда — 101, Ысык-Көл облусунда — 48, Нарын облусунда — 7, Талас облусунда — 15 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 60 811 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 078 бейтап, ал эми үй шартында 3 720 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өлкө боюнча жети медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — беш, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада сегиз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 813кө жетти, анын ичинен 3 540 медкызматкер илдеттен айыкты.