УКМК: Салык кызматы мамлекетке 5,7 млн сом зыян келтирген

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик салык кызматында дагы бир коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары бир нече «арамзаа» ишкердик чарбалар менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн. Мындан улам, уюмдар кошумча нарк салыгын майда суммаларга бөлүп, такай кайтарып алып турган. Мыйзам боюнча кошумча нарк салыгы 300 миң сомдон ашса, ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралышы керек. Бирок бул тартип аткарылган эмес.

«Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы демилгелеген текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 5 млн 700 миң сом өлчөмүндөгү зыян аныкталган. Бул сумма ишкердик чарбалар тарабынан толугу менен калыбына келтирилди», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМКдан кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдашты. Салык кызматынын Бишкектеги аймактык башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн инспекторуна, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын бөлүм башчысына жана кызматтын борбордук аппаратынын бөлүм башчысына айып тагылды.

Салык кызматындагы коррупция

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик салык кызматында коррупциялык схеманы аныктады. Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, салыкчылар алкоголдук ичимдик өндүрүүчү ишканаларга «өзгөчө ири өлчөмдөгү» милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жана өндүрүштүн чыныгы көлөмүн жашырууга жардам беришкен.

УКМКнын ыкчам тобу Салык кызматынын борбордук аппараты менен райондук башкармалыктарынын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Ошондой эле алкоголь өндүрүү тармагынын монополист компаниясынын Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан заводдордун жана кампаларын кыдырып чыгышкан.

Тинтүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 100 млн сомдон ашкан 460 миң даана алкоголь ичимдиги алынган. Аны менен катар тергөөчүлөр атайын уруксат документтери жок спирт ичимдиктери сакталган жеке үйлөр менен кампаларды аныктаган.

Буга чейин башка укук коргоо органы Мамлекеттик салык кызматын ири компанияларга салыктан качууга жардам берген деп айыптаган. Финпол 27-октябрда Соцфонд менен салык кызматынын кызматкерлери «Кумтөр Голд Компани» алтын кен компаниясына «артыкчылык бергендиги» тууралуу билдирген. Ушундай жол менен компания кошумча салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келиши мүмкүн экени айтылган.

Салык кызматы бул айыптоолорду «негизсиз» деп атап, текшерүү үчүн финполго бардык документтерди берүүгө даяр экенин билдирди.