Абдураимов: Кара-Суунун акимине талапкер болгондордун Матраимовго тиешеси жок

Жарасул Абдураимов

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов 24-ноябрда жергиликтүү журналисттер менен жолукту. Анда «Клооптун» журналисти эмне үчүн Кара-Суу районуна аким бир жарым айдан бери дайындалбай жатканын сурады.

Абдураимов өкмөткө эки талапкерди сунуштаганын билдирди жана алардын экс-бажычы Райымбек Матраимовго «тиешеси жок» деп ишендирди. Алардын бири Мурадил Тешебаев, экинчи талапкер Нурлан Абдаев деп айтты.

Тешебаев — өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башчысы. Адаев буга чейин Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген. Эки талапкер тең Кара-Суудан болушат.

«Кара-Суу районунда абдан резонансттуу окуялар болуп кеткенден улам бүгүнкү күнгө чейин аким шайланбай турат окшойт. Бирок мен өзүм сунуштаган талапкерлер бар. Бирок алар да өтпөй турат. Аны караштырып жатышат окшойт. Менин оюмча интеллекти бийик, экономиканы түшүнгөн, районго тегиз караган, элдин ичинде баркы бар, тажрыйбасы бар адис келиши керек», — деп түшүндүрдү Абдураимов.

Оштун башчысынын пикири боюнча аймактардагы эң чоң көйгөй — интеллекти азырак, балким булчуңу чоң кишилердин кызматта отурганы.

«Матраимовдордун таасирин сезе элекмин»

«Мен сунуштаган талапкерлердин Матраимовдорго тиешеси жок. Мен билгенден жок. Себеби атайын кызматтагылардан биринчи маалымат сураймын. Алар беришет. Булар убагында Кара-Сууда иштегендер, өкмөттүн аппаратында иштеп келгендер, биздин аппаратта да иштеген, алар менен сүйлөшө келгенде татыктуу жигиттей көрүнүп жатышат», — деди ал талапкерлер тууралуу оюн билдирип жатып.

Абдураимов Кыргызстанда эң таасирдүү делген Матраимовдордун таасирин «мен сезе элекмин» деп айтты. Анын айтымында, ал кызматка дайындалгандан бери Матраимовдорго даттанып келгендер болгон эмес.

Ал эгерде кайрылуулар болсо, чара көрүлөт деп ишендирди.

Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп 19-октябрда дайындалган. Ал Алай районунун Гүлчө айлында туулуп-өскөн. Кесиби боюнча экономист. «Ишеним» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана жетекчиси, Нанотехнологиялар институтун негиздеген. Мындан сырткары ал ондон ашуун компаниянын түзүүчүсү болуп эсептелет.

Матраимовдордун кланы

Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү үй-бүлө деп саналат. Бул үй-бөлөдөгү төрт ага-ини жогорку мамлекеттик кызматта иштеген.

Искендер Матраимов — Жогорку Кеңештин депутаты. Дагы бир тууганы Ислам үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин финполдун ички иликтөө башкармалыгын жетектеген.

Дагы бир тууганы Райымбек Матраимов — мурда бажы башчысынын орун басары болуп иштеген. Эл ичинде аны Райым-миллион деп аташат. Ал бажыдагы коррупция жана аткезчилик боюнча журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты.

Тилек Матраимов — Ош облусундагы Кара-Суу районунун мурдагы акими. Бул кызматта 8 жыл иштеген.

Матраимов шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар Бишкекте Ак үйдү басып алгандан кийин, 6-октябрда акимдик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ошол эле күнү ал Өзбекстан аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылганда чек арадан кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген.

9-октябрда Ош шаардык соту Тилек Матраимовдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, бир айга УКМКнын Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизген. Бирок сот 15-октябрда Тилек Матраимовду үй камагына коё берген.

Көп өтпөй Тилек Матраимовдун Кара-Суу районунун администрация башчылыгына кайтып келди деген маалымат тараган. Бирок бул маалыматты агасы депутат Искендер Матраимов төгүндөгөн. Ошондой эле, Искендер Матраимов инисинен эки тараптуу пневмония аныкталып, дарыланып жатканын айткан.

Учурда Кара-Суу районунун акиминин милдетин биринчи орун басар Капарбек Абдиев аткарып жатат.