Токтогазиева: Венеция комиссиясынын бүтүмүн эске албоо Кыргызстандын аброюна шек келтирет

Юрист Сания Токтогазиева

Юрист Сания Токтогазиева 20-ноябрда Жарандык көзөмөл комитетинин Конституциянын жаңы сунушталган долбоору боюнча жыйынында Венеция комиссиясынын корутундусун кыргыз бийлиги көз жаздымда калтырбашы керектигин айтты.

Конституциялык укук боюнча кеп-кеңеш берген эл аралык орган — Венеция комиссиясы Кыргызстандагы Конституциялык реформадан улам шайлоонун жылдырылышына байланыштуу amicus curiae ыкчам корутундусун жарыялады. Эксперттер Кыргызстандын депутаттары өз ыйгарымдарынан аша чапкан деген тыянакка келген.

Токтогазиева өз сөзүндө Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорунда тең салмактуулук жок экенин айтып, бул боюнча Венеция комиссиясы өз корутундусунда белгилегенине токтолду.

«Венеция комиссиясынын корутундусу сунуш мүнөзүндө болгонуна карабай, бир да мамлекет алардын корутундусун көз жаздымда калтыра албайт. Эгер аны көз жаздымда калтыра турган болсо репутацияга, тышкы байланыштарга өтө чоң кедергисин тийгизиши мүмкүн. Мындай нерсе Кыргызстанга дагы тиешелүү», — деди ал.

Токтогазиева Конституциялык палата Венеция комиссиясынын сунуштарын сөзсүз түрдө эске алышы керектигин кошумчалады.

Ал ошондой эле коомдук талкууга коюлган долбоордо жалпы демократиялык принциптерге туура келбеген нерселер жазылганына токтолду. Андан сырткары көптөгөн боштук жана карама-каршылыктар бар экенин айтты.

Ал азыркы парламенттин ыйгарым укуктары өлкөдө мыйзам боштугу болбосун деген гана негизде узартылганын белгиледи. Андан сырткары мындай парламенттин Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албай турганын айтты.

«Конституциялык реформаны жаңы шайланып келген 7-чакырылыштын гана депутаттары демилгелей алат», — деди ал.

«Ханституция»

Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, ал коомдо «Ханституция» деген атка конууга үлгүрдү. Аталган долбоордун автору болуп 80 депутат көрсөтүлгөн.

Кээ бир саясатчылар анын авторитаризмге, Курманбек Бакиевдин убагына жана орто кылымга кайтуу деп аташууда.

Бир нече саясатчылардын айтымында долбоорду Курманбек Бакиев президент болуп турганда президенттик аппараттын юридикалык кызматын жетектеген Бектур Зулпиев жазган. Садыр Жапаров аны президенттин аппарат башчысынын орун басарлыгына дайындаган.

Жапаров Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек деп эсептейт жана бул Конституциянын жаңы долбоорунда чагылдырылган. Мындан тышкары, долбоордо Жапаров мурда сунуштаган башка учурлар да бар, мисалы, өлкөнүн башкы органы — элдик курултай.

Ал ортодо Конституциянын жаңы долбоорунда аты-жөнү көрсөтүлгөн бир катар депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын билдиришти.