Бишкекте баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өттү

22-ноябрда Бишкекте жарандык активисттер Бишкекте «Ханституцияга жок дейбиз!», «Баш мыйзам үчүн!» аттуу тынчтык маршын өткөрүштү.

Тынчтык жүрүшүн жеринен чагылдырган «Клооптун» кабарчысынын айтымында, 500дөй киши келди.

Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук Ала-Тоо аянтына келишти. Алар колдоруна «Өлкөбүздө мыйзамдуулук үстөмдүк кылсын», «Референдум эмес парламенттик шайлоо убагында өткөрүлсүн», «Сунушталган конституциялык долбоор артка кайтарылсын» деген жана башка чакырыктар жазылган транспаранттарды көтөрүп алышкан.

Катышуучулар бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршы экенин айтышты.

Ага бир катар саясатчылар менен депутаттар келди. Алардын арасында Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Исхак Масалиев бар. Ошондой эле, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган активист жаштар катышты.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлуп, анын тексти Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган. Маалымат боюнча аны 80 депутат демилгелеген. Бирок кийин демилгечи катары аттары аталган бир нече депутат Баш мыйзамдык жаңы долбооруна кол койбогонун, аны окубаганын айтып, демилгечиликтен баш тартышкан.

Эксперттер менен юристтер сунушталган долбоор өлкөдө супер президенттик башкарууну алып келет деп коңгуроо кагышууда. Бирок жаңы долбоорду жактаган тескерисинче өлкөдө бийликтин жоопкерчилиги күчөйт деп ынандырышууда. Анткен менен эл аралык Венеция комиссиясы дагы Конституциянын жаңы долбоорун демилгелөөдө бир катар мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

Учурда баш мыйзамдын жаңы долбоорун 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулап баштады.

ТЕМА БОЮНЧА

Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?

Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча ою кандай өзгөрдү?

Токтогазиева: Венеция комиссиясынын бүтүмүн эске албоо Кыргызстандын аброюна шек келтирет

«Автору мен эмесмин». Конституциянын жаңы долбоору боюнча депутаттардын ою