Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму коомдук талкууга чыгарылган Кыргызстандын жаңы Конституциясы боюнча билдирүү жасады. Референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү пландалууда.
Сунушталган Конституциянын варианты эл арасында «Ханституция» деген аталышка ээ болду. Анткени, президенттин колуна чектөөсүз бийлик ыйгарылган. Ошондой эле, долбоордо бир катар адам укуктарын алып таштап, цензурага алып келе турган бир нече нормаларды киргизүү сунушталган.
Human Rights Watch эмне деди?
Венеция комиссиясындай эле, HRW Кыргызстандын парламентинин алтынчы чакырылышынын депутаттары ыйгарымдарынан аша чапканын билдирди. Венеция комиссиясына Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев кеңеш сурап кайрылган эле.
Алар колдонуудагы Конституциянын талаптарына карабай, парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып, аны менен катар президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун каалоосун канааттандыруу үчүн, регламентти бузуп, конституциялык референдум өткөрүүнү демилгелешкен.
«Кыргызстандын убактылуу парламенти алыска кете турган конституциялык түзөтүүлөрдү демилгеөөгө укуктуу эмес, өзгөчө Конституцияда каралган процесске каршы келген жол менен демилгелей алышпайт. Кыргызстан адам укуктарын жана мыйзамдын үстөмдүгүн жолун жолдоп жатканына эч күмөн жаралбашы үчүн жаңы парламент ант бергенге чейин бардык конституциялык реформалар жылдырылышы керек», — деп билдирди Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азиядагы директору Хью Уильямсон.
Уюмдун укук коргоочуларынын пикиринде, убактылуу парламент кайрадан парламенттик шайлоо өтүп, «жалпы эл адилет жана эркин добуш берүү аркылуу каалоосун билдирмейинче» башкаруунун базалык функцияларына көңүл бурушу керек.
Өлкө үчүн кесепеттери
Укук коргоочулар бир гана Кыргызстандын мыйзамдарынын түздөн-түз бузулушуна эмес, мамлекеттик башкаруу жаатында сунушталган өзгөртүүлөрдөн улам тынчсызданышууда. Президенттик бийликте жана президент көзөмөлдөгөн курултайда, аны менен катар сунушталган жаңы саясий системада жетиштүү тең салмактуулукка ээ эмес жана аткаруу бийлигинин күчүн алсыратат.
«Өлкөнүн президенттик же парламенттик башкаруу системасына ээ болушу — бул саясий тандоо, бул тандоону өлкөнүн жарандары жасоого тийиш. Бирок укуктардын көз карашынан алып караганда, кандай гана саясий система болбосун, анда саясий кызматтагы адамдар кызмат абалынан кыянат пайдаланбашы үчүн тең салмактуулук сакталышы керек», — деп эскертет HRW
Конституциянын жаңы долбоору учурдагы мыйзамды гана бузбастан, бир кездерде Кыргызстан сактоону убадалаган адам укуктарынын айрым базалык нормаларына коркунуч жаратат.
«Сунушта, мисалы “Кыргызстандын элинин салт-санаасына жана жалпы моралдык баалуулуктарына туура келбеген” иш чараларды, көргөзмөлөрдү басып чыгарууга, анын ичинде электрондук ЖМКга жарыялоого тыюу салуу керектиги камтылган. Мындай жобо Кыргызстандын ассоциациялар менен коомдук бирикмелердин көз карашын билдирүүгө болгон негизги укуктарын коргоо тууралуу милдеттерине каршы келет», — деп баса белгилейт укук коргоочулар.
Ошондой эле, Кыргызстан колдонуудагы Конституцияда жазылган конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежелерин сактабай жатат. Мындай жагдай «бул түзөтүүлөрдүн ак ниеттүүлүгүнөн олуттуу күмөн жаратат».
Конституциянын жаңы долбоору элге сунушталган бир жумага жетпеген аралыкта олуттуу сунга кабылды. Анын ичинде учурдагы парламенттин өкүлдөрү, мурдагы убактылуу президент Роза Отунбаева, укук коргоочулар жана активисттер каршы ойлорун айтып жатты. Ал тургай Конституцияга түзөтүү киргизүүгө маршы тынчтык маршы болуп өттү — колдонуудагы Конституцияда тынчтык акцияларын өткөрүү укугу бар, сунушталган долбоордо жок.
Human Rights Watchтун пикиринде, Кыргызстандын конституциялык реформа өткөрүү укугу бар, бул талашсыз. Бирок бул процесстин мыйзамдуулугун камсыздоо үчүн кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү керек (колдонуудагы Конституцияга ылайык ушундай болушу керек болчу).
Андан соң, жаңы шайланып келген парламент реформа жүргүзүүнү демилгелеп, толук кандуу кеңешип-кесүү процессин ишке ашыра алат. Азыркы тапта шайлоого чейин Конституциялык реформа өткөрүп жиберүүгө шашылгандык коркунуч туудуруп жатат.
«Кыргызстандын бийлигинин азыр парламенттик шайлоонун алдында Конституцияда жазылган процедураларды бузуп конституциялык реформа жүргүзүү аракети, булардын жашыруун жүйөөсү барбы деген ойго түртөт», — дейт Уильямсон. Ал азыркы «приоритет эркин, калыс жана өз учурундагы ачык-айкын шайлоо өткөрүү болууга тийиш» деп эсептейт.
Human Rights Watch республиканын эл аралык өнөктөштөрүн, анын ичинде Евробиримдикти жана ага мүчө өлкөлөрдү, АКШ жана Улуу Британияны Кыргызстандын өкмөтүн Венеция комиссиясынын amicus curiae brief жыйынтыгына көңүл бурууга жана боло турган шайлоолорду Кыргызстандын Конституциясына жана эркиндиктин негиздерине ылайык өткөрүүнү камсыз кылууга чакырууга үндөйт.
Конституциянын жаңы долбоорунун тарыхы
Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган. Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.
Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актанган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.
Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрбөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышты.
Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт деп тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.
Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.
Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок.
Жакында эле Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп кеткен Акылбек Жапаров Конституциянын долбоорун иштеп чыгууда президенттин аппараты аралашканын жана ошол кездеги президенттин м.а. Садыр Жапаровдун идеялары эске алынганын тастыктады. Бул колдонуудагы Конституцияны бузуу болуп саналат.
Коомдук талкууга коюлган Баш мыйзамдын вариантына түзөтүү киргизүү үчүн президенттин м.а. Талант Мамытов [Садыр Жапаровдун тарапташы жана «Ата-Журттагы» партиялашы, Жапаров жана УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен бирге бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолгон] Конституциялык кеңеш түзгөн.
Конституциялык кеңештин курамында 89 адам бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү — Садыр Жапаровдун идеялаш жана түздөн-түз тарапташтары, Конституциянын жаңы долбоорун сунуштоо демилгесинин авторлору, манас таануу, салттуу билим жана кыргыздардын руханий байлыгы боюнча адистер. Кеңешменин курамында жаңы долбоорго каршы болгон бир дагы ачык оппонент жок.