Садыр Жапаров учурдагы Конституция өнүгүүгө тоскоолдук болуп жатат деп эсептейт

Садыр Жапаров

Президентикке талапкер Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кайрылуу жарыялады. Жапаровдун айтымында, 2010-жылга чейин Конституциянын жаңы редакциясын референдум аркылуу кабыл алуу мүмкүн болгон. Бирок учурдагы Баш мыйзам элди мындай укуктан ажыраткан.

«Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү берилген. Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укутарын чектеп койгон», — деди Жапаров.

Жапаров билдиргендей, бул жагдай Кыргызстандын «өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаратууда».

Анткен менен Жапаров колдогон Конституциянын жаңы долбоорунда дагы «жаңы Баш мыйзамды кабыл алуучу» норма каралган эмес, бир гана өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.

*Бул позицияны президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев да карманып келет. Зулпиевдин айтымында, жарандар жаңы Конституцияны кабыл алуу укугунан ажыратылып калган. Коомчулукта «Бакиевдин юристи» делген Зулпиев Конституциянын жаңы долбоорунун автору деп айтылат. Ал эми Зулпиев мыйзам долбоорун депутаттар демилгелегенин билдирген.

«Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым», — деди Жапаров.

*Бул жерде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «шоопуру» Икрамжан Илмиянов жана «жан сакчысы» Дамир Мусакеев тууралуу сөз болгон. Илмиянов президенттин кеңешчиси, ал эми Мусакеев УКМКнын 9-башкармалыгыны жетектеген. Учурда Илмиянов №26 жатак абагында, ал эми Мусакеев ТИЗО-1де кармалууда.

Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу «жалпы кыргызстандыктардын талабы» экенин белгилеп, «Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияга кайтып келүү эмес» деп эсептейт.

Анткен менен Жапаров конституциялык реформа тууралуу 6-октябрга караган түнү абактан чыккандан кийин өзү сөз кыла баштаган. Бийликке келгенден кийин да жаңы Конституция кабыл алуу керектигин байма-бай айтып келген.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун демилгелешип, коомдук талкууга чыгарышкан. Жаңы Конституцияны кабыл алуу тууралуу референдумду 2021-жылдын 10-январында кабыл алуу пландалууда.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президенттин ыйгарым укутары күчөтүлүп, ал эки мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, «Элдик курултай» органын киргизүү сунушталууда — ал «кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку орган» болмокчу.

Коомчулукта Баш мыйзамдын жаңы долбоору «Ханституция» деген атка конуп, бир катар саясатчылар, жарандык коом аны кескин сынга алышты. Алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева, экс-депутат Садык Шер-Нияз, депутаттар Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, саясатчы Адахан Мадумаров, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана саясатчы Фелик Кулов да бар.

Көп өтпөй Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору катары көрсөтүлгөн 10 жакын депутат ага каршы экенин айтып чыгышты.

Учурдагы Конституцияны өзгөртүүгө жана башка Конституцияны кабыл алууга нааразы болгондор Бишкекте 22-ноябрда тынчтык жөө жүрүшкө чыгууну пландап жатышат.