14 сааттан ашык убакыт манас айтуу тууралуу даректүү тасма тартылат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрда тынымсыз жана узак мөөнөткө манас айтуу боюнча рекорд койду. Ал манас айтууну Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында күндүзгү саат 10 баштап, түн жарымда токтогон.

Алгач Сыдыков Гиннесс рекорддор китебине кирүү үчүн 12 саат манас айтмакчы болгон. Жыйынтыгында манасчы 14 саат 27 мүнөт токтобой төгүп, ыктыярчылар жана иш чаранын уюштуруучулары атайылап токтотууга аргасыз болушкан. Буга чейин манасты 10 сааттан ашык айткандар болгон эмес.

Манасчынын айтымында, ал манасты 7-классынан баштап айткан.

«Атам жана ата-бабаларым жомокчу болгон. Жетинчи классымда түшүмө Саякбай Каралаев кирген, андан кийин түшүмдө эпостун каармандарын көрө баштадым — Манас, Бакай, Каныкей жана башкалар. Мунун баары манасчы болушума түрткү болду», — деди ал.

Сыдыковдун айтымында, мындай иш-чараны уюштуруу идеяси үй-бүлөдө пайда болгон. Кийин ал идеяны меценат Азат Исакунов жана активист Элнура Кулуева колдогон.

«Аянтта ар кандай окуялар болуп жатканын өзүңөр деле көрүп жатасыңар, ошондуктан, элди ынтымакка чакыруу үчүн “Манасты” Манас айкелинин алдында айтуу чечими кабыл алынды. Даярдык көрүп жатканда Ат-Башы, Ысык-Көл, Таластагы ыйык жерлерге бардым. Жакшы тамактанууга аракет кылдым, иш-чаранын башталышынан бир күн мурда тамак жегенди токтоттум», — деп түшүндүрүп берди ал.

Манасчы «Манас» эпосун баштан аяк айтканын түшүндүрдү– туулганын, балалыгын жана эрдик жүрүштөрүн. Дөөлөт Сыдыковду Манас Кошойдун батасын алуу үчүн Ысык-Көлгө келген жерде токтотуп коюшкан.

«Бүгүнкү күндө уюштуруучулар командасы фильм тартуунун үстүнөн иштеп жатат. Гиннесс рекорддор китебине катталуу үчүн документалдуу фильм талап кылынат. Фильмде иш чара чагылдырылат: кантип башталды, канчага созулду жана кандайча жыйынтыкталды. Ошондой эле, аларда эпос айтуучулар жөнүндө бөлүм жок болгондуктан, манас айтуу өнөрү тууралуу баяндалат», – дейт Сыдыков.